Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга "Түтүн" деген өзү жазган ырды окуп берди

Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, ошондой эле “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Анын жүрүшүндө КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков учурда өлкөдө дем алуу системинин жана өпкө оорулары менен ооруган адамдардын саны өсүп жатканын айтты. Андан соң ал шаарды каптаган түтүн жөнүндө өзү жазган ырды депутаттарга окуп берди. "Мурда түтүн жөнүндө ыр жазчу эмес элек. Соңку кезде жазганга туура келип калды", - деп ырын окуду депутат.

Өф-өф түтүн, өф түтүн,

Өч шаарыңан көч бүтүн.

Өлүм алып келем деп,

Өжөрлөнөт көк түтүн.

ТЕЦтен чыгат көк түтүн,

Мештен чыгат көк түтүн,

Машиналар чубаса,

Чубайт арттан көп түтүн.

Түтүн менен түртүшүп,

Күндө баарын сүртүшүп,

Бүтө электе көктө күн

Түтүн деген түгөттүн,

Түгөнбөсүн байкашат.

Өф-өф түтүн, өф түтүн,

Өлүп кеткир көк түтүн.

Өрдөк мурун жүлүндүү

Өпкөбүзгө өч бүтүн.

Күнү каптайт калааны,

Түнү каптайт калааны,

Түйшүк кылып алдык биз

Түтүн деген балээни.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
engel
2017-11-08 11:42:16
Жанылмачтай го! Бирок мааниси бар экен
0
kechirmeni
2017-11-08 11:56:14
АШАдан эмнем кем дептир да, бирок мааниси жакшы экен. Негизи кыргыздын жакшысы манасчы, жаманы жамакчы деген макалы туура да
+5
ajdaaar
2017-11-08 11:58:22
Ошол ТУТУН Атамбаев менен анын СДПКчылары окшойт го.....
+2
Leilek-razzakov
2017-11-08 12:05:00
Ак үйдөн чыккан түтүн баардык элди уулап жатат.
+8
Samina007
2017-11-08 12:05:21
Үүүф ииий түтөп эле кеттико!! Болгондо да жаман быкшыыып түтөп жатабыз.орустар айтмакчы"дым без огня не бывает"дегендей.
+5
Freemankg
2017-11-08 12:22:27
Өф-өф түтүн, өф түтүн, кылаарга эч нерсе жок.
+2
Nazar76
2017-11-08 12:34:11
Атамбаевке берсең гитарада ырдап бермек хит болот эле
+6
Isco23
2017-11-08 12:47:52
Чиркин! Акын жазуучу драматург Чыныбай Турсунбеков
+1
beknur95
2017-11-08 13:04:01
Биздин атка минерлер четтен таланттуу
+2
futboler
2017-11-08 13:32:40
Жаман түтөтүптүр го
+1
aytkulova
2017-11-08 13:52:12
Укмуш эми. Тим эле түтөп эле кетти)
0
miss2014
2017-11-08 15:50:51
Эми дан ,дан ,зын зын калып чык эшикке ,оф ,оф тутун, оф тутун хит болот окшобойбу?!
+3
Gena1
2017-11-08 16:51:58
miss2014, )))
0
asi.gulum
2017-11-08 18:23:55
Ошентип отура бергиле ыр окуп. Бул жакта эреженин жоктугунан адамдар кырылып жатканы мн ишиңер жок.
0
KyrgyzKagan
2017-11-09 01:30:40
Бир артист же бир аферист гана депутат боло алат деген чын окшойт.))))
0
Shokoladka94
2017-11-09 10:47:16
Тутоп жатып куйуп кетпей оппозицияга отуп кетиниз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан