Ысык-Көл облусундагы "Каркыра - унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Каркыра - унаа жолу" күз-кыш мезгилине карата 31-октябрь күнү саат 18:00дөн тартып жөө жүргүнчүлөр жана унаа каттамдары үчүн убактылуу жабылат. Жабылган жол жаз айында сууга түшүү сезонуна жакын май айында ачылмакчы.
Айта кетсек, аталган көзөмөл-өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда Кыргыз-Казак чек арасында жайгашкан.