Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянованын кылмышкерлер өз үйүнөн атып кеткен иниси Улан Саляновду бүгүн, 8-ноябрда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылында акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Ага жакындары, туугандары жана "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү болуп, баш аягы 500гө чукул адам катышты. Маркумдун сөөгү Биринчи Май айылында жерге берилди.
Маркумдун агасы Карыбек Салянов: "6-ноябрга караган түнү саат экилер чамасында чалып Уланды атып кетишти деп айтышты. Биз барсак эл чогулуп калыптыр, келинчеги бакырып ыйлап жаткан экен. Кийин келинчеги окуя кандай болгонун айтып берди. Аларды кылмышкерлер өз-өзүнчө бөлмөдө курал такап коркутушуп кармап отурган экен. Улан алардын бири менен мушташа кетип кылмышкер аны атып жиберген, ок анын колуна жана бутуна тийиптир. Ошол учурда келинчегине курал такап турган кылмышкер кайрылып Уланды атып жиберип, ал ошол октон каза болуптур. Ок атылып баш аламан болуп жатканда Уландын баласы терезеден секирип качып кетиптир болбосо аны да атып салмак окшойт. Негизи Улан эч кимге зыяны жок намаз окуган адам болчу. Анын үйүн тоноп кеткидей байлыгы же өчөшүп өлтүргүдөй душманы деле жок эле", - деди.
Улан Салянов менен аталаш тууган Асия Салянова болсо "кылмышкерлер тоноо максатында эмес атайын аны өлтүрүү үчүн кирген" деген пикирин айтты.
"Биз буюртма менен болгон иш деп ойлоп жатабыз. Ууру дарбазасы жок, начар жашап жаткан үйгө кирмек беле? Улан өзү эптеп эски унааларды оңдоп сатып, ошону менен бала-чакасын бакчу. Ал кылмышкерлерди ууру деп айталы десек алар аскердик форма кийип, 3 унаа менен келмек эмес да. Андан сырткары колу-бутун байлай турган нерселерин да даярдап алып келишиптир. Анан кантип аларды уурулук кылуу үчүн үйгө кирген деп айта алабыз? Улан эч качан жаман иштерге аралашкан эмес, таза, жөнөкөй адам болчу. Алар атып салгандан кийин деле үйдөн эч нерсе алган эмес, жадакалса алардын үйдү аңтарып бир нерсе издегендеринин деле билинбейт", - дейт Салянова.
Эске сала кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.