Кыргыз Республикасында Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, анын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы түзүлдү. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Сапар Исаков 9-ноябрда кол койгон. Ал жол коопсуздугуна арналган өкмөттүк жыйында аты алмашкан мекемеде репутациясы булганбаган адистер иштейт деген ишенимин айткан.
Белгилей кетчү жагдай, Патрулдук милиция кызматы 2016-жылы 1-апрелде ишке киришип, Жол кайгуул жана МАИ кызматы ага бириктирилген. Бул үчүн 500 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Бирок бул тармак иштеп турган бир жылдан ашык убакыттын ичинде, Патрулдук милициянын иш-аракеттеринде, коомчулук күткөн өзгөрүү болгон жок. SUPER.KG Патрулдук милициянын жоюлушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирлерине кызыкты.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров: "Патрулдук милицияны түзгөндө жакшы ой менен көп каражат жумшалган. Негизинен бир жыл иштеп, иштебеген кызматты жоюу бир аз туура эмес болуп калды деп айтат элем. Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт деген эле ойду жаратат. Биринчи кезекте бул жерде атын өзгөртө бербестен шарт түзүү зарыл. Бишкек шаарында жолдор тар, көп сандагы унааларга ылайык эмес. Жолдо биздин оң рулдуу унаалар, сол рулдуу стандартта жүрүүгө ылайык эмес, элементардык жол белгилери коюлган эмес. Бишкек-Ош жолунда статистика боюнча кырсык көп катталган ашып кетсе 6-7 жер бар. Ошол жерлерге камера коюп, эреже бузган айдоочунун капчыгына урганда эле баары жолго түшөт. Техникалык кароону кайра кайтаруу зарыл. Бул айдоочуга милдеттерди жүктөйт жана сездирет. Ал жерде өрт өчүрүүчү, медициналык кутуча тийиштүү бардык нерсе болот. Бул СССР кезде болгон. Ошондуктан бул жөн жерден кирген талап эмес деп ойлойм", - деди Бакиров.
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев: "Толук Ички иштер министрлигин реформа кылмайын бири-биринен бөлүп, үзүп кесе бергенден эч нерсе чыкпайт. Шериктеш мамлекеттердин ичинен биз үчүн эң ылайыктуу жол - бул Грузиянын жолу. Жол кырсыгы бир эле Патрулдук милицияга байланыштуу эмес. Айдоочулук күбөлүк кандай жол менен берилет, жол белгилери кандай коюлат, Транспорт министрлигинин жоопкерчилиги жокпу, керектен чыккан эски унааларды алып келип жатабыз, бул жерде талдоочу маселе көп. Биз баарын комплекстүү карабасак жол кырсыгы өтө кейиштүү абалга жетти. Мыйзамга эки жолу өзгөртүү кирди, бирок ал менен кырсыктарды токтотуп кала алган жокпуз. Эң негизгиси бул видеобайкоо. Биз 2012-жылы айтып чыкканбыз. Грузия бизден кийин баштап, алдыга өтүп кетти. Орусия алдыга өтүп кетти. Биздин "Коопсуз шаар" долбоору да чоң коррупция менен сотко өтүп кетип, бул маселе 6 жыл ишке ашпай жатат. Өкмөт өзүнө керектүү учурда айрым сот процесстерин бир жылда эле бүтүрүп жатат. Биз ошол 6 жылда 5 миңдей адамдын өмүрүн жоготуп алдык. Акыркы 10 жылда 12-13 миң адам кайтыш болуп кетти. Бул өзүнчө айыл, өзүнчө шаардын калкы", - дейт Иманалиев.
"Кыргызстан" фракциясынан депутат Айтмамат Назаровдун ою боюнча, аталышы өзгөргөндөн реформа болбойт. "Жол эрежелерин бузууларды көзөмөл кылган адам факторун четтетмейинче, абалды оңдой албайбыз. Айыптардын көлөмүн азайтып, көбөйткөн деле натыйжа бербейт. Болгону фото, видеого тартып алууну уюштуруу керек, ошондо азаят. Бул Патрулдук милиция өзүн такыр актаган жок. Кызматкерлер көкүрөгүнө тагып жүргөн камералар иштебейт. Кайран акча ошого коротулган. Бул Патрулдук милиция эч жерде токтоп турбастан көзөмөл кылып жүрүшү керек эле. Бирок булар дарактарга жашынып алып эле мурдагы кылып жүргөн ишин кылып башташкан. Айдоочулук күбөлүк бергенди да автоматташтырган систем аркылуу ишке ашыруу зарыл. Айдоочулук билимди мектеп программасына киргизүү керек деп ойлойм. Ал жакта күбөлүк бербесе да жөнөкөй жол эрежесин үйрөнөт. Бишкек-Кара-Балта жолуна бир камера койгон. 4 айда ошол жерден 20 миллион сомдук айып жазган. Күнүнө миңден ашык айып жазылып турган. Бул биздин жол эреже канчалык сакталганын көрсөтүп турат. Элдерге кат келип баштагандан кийин ошол жерде эреже бузуу күнүнө 20-30га чейин кыскарган. Элдин баары ошол жерден эрежени сактоого өтүшкөн. Ошондой камералар көбөйсө эле эреже бузуулар түшөт", - деген пикирде Назаров.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев милицияны көчөгө чыгарганы менен эч нерсе өзгөрбөй турганын айтты. "Парламентте Патрулдук милициянын ишине байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Дүйшөмбү күнү өкмөт бюджет маселеси менен комитет жыйынына келет, ошондо бул маселени сурайбыз. Мен ойлойм, Патрулдук милиция өзүн-өзү актаган жок. Өкмөт деле жөндөн жөн буга барган жок. Бир жылдын ичинде кооптуу абал кандай болгонун көрдүк. Милицияны көчөгө чыгарганы менен эч нерсе өзгөрбөйт. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып, бүт баарын электрондук көзөмөлгө өткөрүш керек. "Таза коом" программасына бул демилге кирген, бирок кечигип жатат. Бул долбоор "Коопсуз шаар" эле эмес "Коопсуз өлкө" болушу керек", - дейт Тиллаев.
КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаевдин пикири боюнча, Патрулдук милициянын жоюлушунун негизги себеби жолдогу кырсыктар болуп жатат. "Акыркы убакта кырсыктар көбөйүп кеткендиктен бул аргасыз чара болуп жатат. Анткени өкмөт башчы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына "жаман ишке аралашпаган таза адамдарды жумушка алгыла" деп айтты. Ушул жол эч болбосо жолдогу эреже бузууларды азайтып, адам өлүмүн азайтууга багытталган иш болуш керек. Жолдордо ушунча эреже бузуулар, кырсыктар болуп жатат. Менимче, Патрулдук милиция кызматы өзүнүн милдетин толук аткара албады окшойт. Өкмөт башчы жакынкы эки жылда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырам деп айтты. Эгер бул долбоор ишке ашса, жол кыймылын көзөмөлдөөчү милициянын кереги деле жок болуп калат. Биз жакында Чехияга барып келдик. Ал жакта ушундай долбоор менен жол кырсыктарын 80 пайызга азайыптыр, Тажикстанда 40 пайызга азайыптыр", - деди Нурбаев.
"Бир-Бол" фракциясынан депутат Улукбек Ормонов Патрулдук милиция өзүнүн милдетин так аткара алган жок деген пикирде. "Көп өлкөлөрдө Патрулдук милиция аябай чоң иштерди аткарат. Биздикилер ага көнө алышкан жок. Мен ойлойм, жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу өкмөт башчынын чечими туура эле болушу керек. Адам өмүрү баарынан кымбат турат. Азыр атын өзгөрткөндө эле өзгөрүү болуп кетерин айтуу кыйын. Анткени Патрулдук милиция түзүлгөндө аябай жакшы ойлорду айтканбыз, аябай чоң каражат менен түзүлгөн. "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сот бүткөнүн өкмөт айткан. Мен ойлойм, эгер бул анык болсо, 2018-жылдан баштап ишке ашышы керек", - деди Ормонов.