Кыргыз өкмөтү Суу кодексине экинчи ирет өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Ал өзгөртүү "Кумтөрдүн" тегерегиндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан башка жайга которууну мыйзамдаштырат. Өкмөт эгерде мөңгүлөрдү жылдырбаса, жыйынтыгы катастрофага алып келерин эскертүүдө. Анткени "Кумтөрдүн" карьери ага жакын турган Давыдов мөңгүсү суткасына 10 сантиметрден жылып отуруп, жаап калуу алдында. Кыргыз жериндеги айрым экологдор жана жарандык коомдун өкүлдөрү бул мыйзам долбооруна каршы чыгууда.
Мыйзам долбоору Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн буга чейин эрип кеткен
бөлүгүнө тийиштүү эмеспи?
Суу кодексине мындай өзгөртүү 2015-жылы өкмөт тарабынан сунушталган эле. Бирок Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл аларда жарандык коомдун өкүлдөрү каршы чыгып, артка чакыртылып алынган. 2 жылдан кийин мыйзам долбоору кайрадан өкмөт тарабынан парламенттин кароосуна коюлду. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет октябрь айынын аягында карап, жалпы депутаттардын добушуна коюу чечимин кабыл алды. Добуш берүү парламенттин 15-ноябрдагы күн тартибине киргизилди.
Аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаровдун билдиришинче, депутаттар жана адистердин сунушу менен мыйзам долбоорунун баштапкы өзөгү өзгөртүлдү.
"Суу кодексинин мөңгүлөргө тийиштүү 62-жана 67-беренелерине өзгөртүү киргизилип жатат. 1-окууда долбоордо "эгерде кен казууда мөңгүлөргө тийиш керек болгон стратегиялык маанидеги ишканалар бюджетке чоң акча төлөп жаткан болсо, көп адамдарга жумуш берсе, анда мөңгүнү жылдырууга атайын органдын макулдугу менен уруксат берилсин" деп жазылган. Бирок 1-окууда концепциясын жактырып, 2-окууда бир нече депутаттардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн сунуш алдык. Сунуштарды эске алып, Давыдов жана Лысый мөңгүсүнө гана тийиштүү болсун деген чечимге келгенбиз. Бирок мыйзам долбоору бул эки мөңгүнүн буга чейин жок болуп кеткен бөлүгүнө жайылтылбайт. Буга чейинки чыгымга ким күнөөлүү болсо, ошол адамдар жооп берсин деген норма камтылган. 3-окууда жактырып, жалпы добуш берүүгө алып чыктык. Бул мыйзам долбоору 2015-жылдын күз айларында каралмак. Өкмөт токтотуп туруу боюнча 3 жолу кат жолдоп, комитетте каралбай токтоп турган", - деди Айтмамат Назаров.
Мөңгүлөрдү башка жайга жылдыруу менен да сактап калууга кепилдик жокпу?
Эксперттердин айтымында, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү 1998-жылдан тартып өтө тездик менен эрип жатат. Буга кайсы бир эксперттердин белгилешинче, "Кумтөрдө" алтын казып жаткан канадалык "Центерранын" иштеринин таасиринен, айрым бөлүгүнө глобалдык жылуулук себеп. Давыдов мөңгүсүнүн 2005-жылы 80 пайызы бар болсо, учурда 30 пайызы гана калган. ӨКМнын алдындагы Гидрометеорология борборунун директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаевдин билдиришинче, калган бөлүгүн башка жайга жылдыруу менен да сактап калууга кепилдик жок.
"Астында чоң өндүрүш жүрүп жатса, батыраак эрийт. 2013-жылдан бери мөңгүлөргө анализ жүргүзүп келдик. 5 жыл анализ жүргүзүп эле ушундай болот деп койгон таптакыр туура эмес. Көп жылдык анализ жүргүзүп, андан кийин жыйынтык чыгарганыбыз туура болот. Эми башка жактагы 5 мөңгүгө анализ жүргүзүп баштадык. Бул абдан кымбатка турат. 1990-жылдан кийин акча тартыш болуп мөңгү изилдөө маселеси таптакыр каралбай калган. Ошон үчүн азыр чет элдик өкмөттүк эмес жана илимий институттарынын жардамы менен системди кайра калыбына келтирүүгө аракет кылып жатабыз. Давыдов менен Лысыйды жылдыргандан кийин да сактап калабыз деген кепилдик жок. Үчтөн эки бөлүгү жок калды. Жылдырбай койсок, абал мындан жаман болот. Лысый мөңгүсүнүн үстүнө бир кезде туура эмес болуп, калдыктар төгүлгөн. Ал эми Давыдов карьердин үстүндө илинип турат. Ал улам жылып отургандыктан, "Кумтөр" ишканасы аны техниканын жардамы менен башка жактарга жылдырып жатат, аз гана бөлүгү калды".
Көз карандысыз эксперт Калия Молдогазиева "Центерра" эң оболу зыяндын ордун калыбына келтирүү керектигин айтат. Ал катышкан 2012-жылдагы көз карандысыз комиссия "Центерра" мөңгүлөргө 1 миллиард долларга жакын суммага зыян алып келген деген чечим чыгарган.
"Зыянды мыйзамдаштырып канадалык компанияга төлөтпөй коюуну көздөп жатышат. Ошол келтирген зыяндардын баарын төлөш керек. 2026-жылга чейин толук иштетип, андан кийин жабуу керек. 3 комиссияга катышкам. 2012-жылдагы комиссия экология үчүн 100 миллион доллар, мөңгүлөр үчүн 1 миллиард долларга жакын сумма зыян келген деген чечим чыгарган. Аны аткаруудан качып, мыйзамдаштырууну көздөөдө. Карьерге коркунуч бар деп жатышат. Жылдырышсын, бирок зыянды ордуна коюш керек. Табияттан деп жатканы менен "Кумтөр" калдыктарды Лысыйдын үстүнө төгүп талкалаган да. Жөн койсо таза эле суу агып турмак".
Өкмөттүн маалыматы боюнча "Центерра" 23 жылдан бери 350 тонна алтын казып алса, дагы Давыдов мөңгүсүнүн алдында 150 тоннадан ашык алтын запасы бар. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, эгерде мөңгү алынбаса, ал 3-4 айда карьерге кулап алтын алынбай калат. Ошондуктан өкмөт өкүлү алтын казууну токтотпоо үчүн мыйзам долбоорун артка кайтарылбай турганын айтты.
"Кумтөр" үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн Жогорку Кеңеш менен Жогорку Соттун 2 чечими бар. Биз аны аткаруу үчүн мыйзам долбоорун алып чыктык. Ошондуктан мыйзам долбоору артка кайтарылбайт, биз аягына чейин аракет кылабыз".
Келтирилген зыянды төлөтүү үчүн жалгыз мүмкүнчүлүкпү?
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков келтирилген чыгымдарды "Центерра" ишканасына төлөтүү үчүн Кыргыз мамлекетинин жалгыз мүмкүнчүлүгү экенин, мыйзам ишке кирсе ал мүмкүнчүлүктөн да ажырап каларын айтууда.
"Мөңгүлөр элдин байлыгы, Нарын дарыясынын башы. "Кумтөр" алтын кенин иштетүүгө чейин бир эле Давыдов мөңгүсүнүн көлөмү 720 миллион куб болсо, учурда анын 400 миллион куб музу жок болуп кеткен. Музду талкалоого мыйзам жол бербесе да "Центерра" аны одоно бузду. Мамлекет көрмөксөн болуп эч кимди жоопко тарткан жок. Эми өкмөт сентябрда "экология боюнча жакшы келишимге кол койдук, жыргатат" деп айткан. Мөңгү боюнча "Центерраны" сотко берип, тизгинин тарта турган жападан жалгыз жол болчу. Эми буга эч ким доомат коё албай калды. "Центерра" эртең кетип калса, бүт баары биздин моюнубузга калып жатат. Рекультивация иштери бар. Ага миллиарддаган долларлар керек, биз аны кайдан табабыз? Биз кайтарып бергиле деп эл аралык арбитраждык сотко даттанганга мүмкүнчүлүгүбүз бар эле.
Келишимдин негизинде рекультивация иштери үчүн "Центерра" 11 миллион доллар бөлгөн. Ал Кыргыз мамлекетиндеги мамлекеттик банктарда кармалышы керек эле, бирок ал чет өлкөдө башка банктарда турат.
1992-1994-2003-жылдары жана 2009-жылы эки тараптуу келишимдер түзүлгөн. Анын ичинен 2009-жылдагысы эң начар келишим болуп саналып келет. Муну Европа өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фонду экспертизадан өткөрбөй койгон, экология ошол кен казылып жаткан мамлекеттин мыйзамдарынын негизинде сакталыш керек деген негизде.
"Центерра" "Кумтөрдөн" тапкан пайдасынан бизге бир да дивиденд бере элек. Анткени лицензияга 100 пайыз ээлик кылгандыктан тапкан акчасына башка мамлекеттерден табылган алтындан акция сатып алып жатат".
Бюджет жылына 100 миллион доллардан ашык жоготууга учурайбы?
"Центерра" ишканасынын маалыматы боюнча, жалпысынан 1994-2016-жылдар аралыгындагы Кыргыз мамлекетинин аймагындагы төлөмдөр 3 миллиард 202 миллион доллардан ашкан. 2016-жылы 110 миллион 783 миң 49 доллар, 2017-жылдын 6 айында 68 миллион 419 миң 939 долларга жеткен.
"Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Дүйшөн Касенов мөңгүлөргө байланыштуу өкмөт тарабынан өткөрүлгөн талкууда мөңгү боюнча Кыргыз бийлиги сөзсүз чара көрүү керектигин белгиледи. Анын билдиришинче, бюджет жылына орточо эсеп менен 108 миллион доллар чыгымга учурайт.
"Давыдов мөңгүсүнүн калдыктары кен казуучу карьердин үстүнө келип түшө турган коркунучта. Аны албаса, биринчи кезекте кызматкерлердин өмүрүнө кооптуу. Эгер "Кумтөрдө" жумуш токтосо, кайра ишти улантуу үчүн 150 миллион доллар керектелет. Бул чыгымдардын баары Кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилигинде калат. Беш миңден ашуун жарандар жумушсуз калат. Бюджет орточо жылына 108 миллион доллар чыгымга учурайт", - деди Дүйшөн Касенов.
Мөңгү кимге керек?
8-ноябрда укук коргоочулар, активисттер демилгеге каршы чыгып, Бишкектеги Ак Үйдүн алдына митингге чыгышкан. Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, мыйзам эки мөңгүнү гана эмес башка мөңгүлөрдү жылдырууга жол ачып берет.
"Мыйзамга жамынып алышып бүгүн "Кумтөр" стратегиялык болсо, эртең Жер-Үй жана башкалар да стратегиялык болуп, муздарды талкалашат. Азыр бийликте алмашуулар болуп жаткан учурдан пайдаланып, мыйзамдаштыруу чоң кылмыш", - деди укук коргоочу.
"Мөңгү" фондун ачып 10 жылдан бери мөңгүнү коргоп келе жаткан Үрүстөм Кабылбеков бул мөңгүлөрдү коргоо Кыргыз мамлекетинин гана эмес, Орто Азиянын идеологиясы болуш керек деген ойдо. Анын маалыматында 1960-жылдан 1974-жылга чейин Кыргыз өлкөсүнүн тоолорунда 7 миң 628 мөңгү болсо (8 миң 100 чарчы чакырым аянт), бүгүн 5 миң 237 мөңгү калды (6 миң 337 чарчы чакырым аянт). 1970-жылдардагы изилдөөлөр боюнча Ысык-Көл облусунун аймагындагы Ак-Шыйрак тоо кыркаларында 165 мөңгү бар болгон. Алардын арасынан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү "Кумтөрдөгү" алтын казылып жаткан карьерге жакын жайгашкан. "Центерра" 2016-жылы эл аралык гляциологдордон турган топту чакырып изилдетип, анын жыйынтыгында "Кумтөрдүн" муздардын эрип жатышына 6 пайыз гана зыян берип жатканын жарыялаган. Калганына күндүн ысып кетүүсү түрткү болгон.
"Лысый жана Давыдовду адистер менен жеринен барып көрүп келүүнү өкмөт сунуштап жатат, көрүп келиш керек. Мөңгү өтө керектүү нерсе. Аны коргоого алуу биздин гана эмес, Орто Азиядагы мамлекеттердин да идеологиясы болууга тийиш. Мөңгүлөр Нарын дарыясынын башы. Андан аккан суу изилдөөлөрдө Нарын дарыясынын 7 пайызын гана түзөрү, калганы жамгырдан, булактан жана кардан пайда болгонун көрсөтүлүптүр. Нарын дарыясынын 7 пайыз суусу Бишкек менен Ташкентти таза суу менен камсыздоого жетет. Жер бетиндеги суунун 15 пайызы эле таза, калганы туздуу. Андан сырткары мөңгү ар кандай эпидемиялык илдеттердин күчөп кетишине тоскоолдук кылат. Биздин тоолордо ар кандай ооруларды алып жүрүүчү жаныбарлар бар. Мөңгүлөр жок болуп, кокусунан бир илдет чыгып кетсе дүйнөдө эл кырылып калышы мүмкүн.
Мен "Кумтөр" ишин токтотпой уланта берсин деген ойдомун. Бирок музду талкалоону мыйзамдаштырып бербешибиз керек. Эгерде эртең зыянды калыбына келтирбей кетип калса, биз кантебиз? Ансыз деле 80 пайызын талкалашыптыр, калганын деле мыйзамсыз жылдырышсын. Бирок аягында жооп беришет", - деди Үрүстөм Кабылбеков.
Канадалык ишкана "Кумтөрдөгү" алтынды 1992-жылдан бери казып баштаган. Учурда 350 тонна алтын казып алса, дагы 150 тоннадан жогору алтын запасы бар. Казуу иштери келишимде 2026-жылга чейин уланары көрсөтүлгөн.