Михаил Саакашвили Украинада тарапташтары менен жөө жүрүш жасап, президент Порошенкого импичмент жарыялоону сунуштады

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Украинада жөө жүрүш өткөрүп, парламенттен президент Петро Порошенкого импичмент жарыялоону сунуштады. 12-ноябрда Киевдин борборунда өткөн нааразычылык акциясында Саакашвилинин тарапташтары импичментти жана соттор жөнүндө мыйзамды 3-декабрга чейин кабыл алууну талап кылышты.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Акцияга катышкандардын санын полиция 400 адам деп билдирди. Ал эми уюштуруучулар жүрүшкө миӊден ашык адам катышканын билдирген. Акцияга чыккандар Киевдеги Михаил аянтынан парламент имаратына чейин жөө жүрүш жасашкан.

Саакашвили жүрүштү "Козголоң маршы" деп атап, мындай акция Киевде ар бир жекшемби күнү уланарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан