Атамбаев: “Кечиримди Атамбаев эмес, биздин ички ишибизге кийлигишүүгө аракет кылган адам сураш керек”

“Кечиримди Атамбаев эмес, биздин ички ишибизге аралашкан адам сураш керек”, - деп бүгүн, 15-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өтүп жаткан отурумда билдирди.

Ал эч ким Кыргыз мамлекетине өздөрүнүн эрежелерин орнотууга укугу жоктугун айтты. "Кээ бир саясатчылар, айрым Жогорку Кеңештин депутаттары Атамбаев бай кошунабыздан кечирим сурашы зарыл деп жатышат. Мен эмнеге кечирим сурашым керек? Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине аралашпоону талап кылганым үчүнбү? Кыргыз мамлекетинин мыйзамын сыйлоону талап кылганым үчүнбү? Бизге эч ким кантип жашаш керектигин үйрөткөнгө укугу жок. Кечиримди өлкөнүн ички ишине аралашып, өзүнүн "шестеркасын" президент кылам деген адам сураш керек. Бардык президенттер, диктаторлор эртеби, кечпи кетет. Кээде өз каалоосу менен, айрым учурда элдин эрки менен же Кудайдын буйругу менен кетет", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан