Камакта жаткан оппозиционер Бектур Асановго №47-колонияда медициналык операция жасалды

Камакта жаткан оппозиционер Бектур Асановго Бишкек шаарындагы №47-колонияда өтүнө операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

"Бектур Асановго 47-колонияда 14-ноябрда өтүндөгү ташты алуу үчүн медициналык операция жасалды. Ал УКМКнын абагында камакта болчу, 47-колонияга өтүндөгү ташты алдыруу үчүн алып келинген. Бир аз жакшы болгондон кийин кайра УКМКнын абагына которулат. Операциядан кийин абалы жакшы", - деп билдирди Элеонора Сабатарова.

Эскерте кетсек, 2016-жылы март айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aliko78
2017-11-16 11:13:32
Аа уже эзип коюптур чамасы
+4
sely
2017-11-16 11:19:24
Оппазиция-демек бул түрмө, куугунтук аягы өлүм деп. Түшүнүп калат окшойбуз бара бара.
+4
Muslim_KGstana.
2017-11-16 12:44:20
Олуп калсын мындай ХХХХ адамдар/Кереги жок мындай саткындардын/Турмодо чирип олгону жакшы лучше бизге...
-3
Nurkyz1977
2017-11-16 12:51:43
Muslim_KGstana.,бироонун олумун тилегенче озундун омуруну тиле. Тагдырын сенин колунда эмес бугун бар адам эртен жок табалабай тобо келтирип суйлогуло.
+4
Azatbek83
2017-11-16 13:11:01
Muslim_KGstana.,Муслим деп атап алыпсын бироого ор казсан эмне болушту озун билесин!Бийликтин бул кылганы туура эмес жакшы жашайлы эл учун деп камалып жатышат!!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан