КҮНСЕРЕП: Сапар Исаков саясий эрктүүлүгүн көрсөттү

Бүгүн - 17-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Зилалиев бул кызматта 3 ай гана иштеп, ошол убакыт ичинде бир топ одоно кемчиликтерди кетирүүгө үлгүрдү. Өлкөнүн кадыр-баркына доо кетирген, балким, мамлекеттик казынаны пайда көрүүдөн куру калтырган чуулгандуу иштерде анын ысымы аралашты. Алгач Зилалиев Кыргызга ГЭСтерди кура турган чехиялык "Liglass Trading" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жооптуу болуп, бирок макулдашууну иш жүзүнө ашыра алган жок. Үч ай убакыт текке кетип, Кыргыздын эл аралык аренадагы аброюна шек келтирилсе да, Зилалиев эч кандай жоопкерчиликке тартылганы айтылбады. Мыйзамды сыйлаган өлкөлөрдө мамлекеттик деңгээлдеги мындай калпыс катачылык үчүн бир эле вице-премьер эмес, ошол тармактын бүтүндөй жетекчилигине жаза көрүү чарасы каралмак.

Зилалиевдин кийинки одоно мыйзам бузуусу мамлекеттик жетекчи кызматта туруп, бир талапкерге, болгондо да бийликтин талапкерине үгүт жүргүзгөнү болду. Баса белгилөөчү жагдай - Зилалиев ал кезде Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы эле. Демек, андан жоопкерчилик эки эсеге көбүрөөк талап кылынган. Өкмөт башчы Сапар Исаков бул окуядан улам вице-премьерге эскертүү берип, аталган штабдын башчылыгынан бошотту. Коомчулук бул окуяны кескин сындай баштаганда Борбордук шайлоо комиссиясы вице-премьердин кызматтык жоопкерчилигин кароону сунуштап, өкмөт башчы Зилалиевге катуу сөгүш берди. Мамлекеттик машина бийликтин талапкерине жан тартып турган кезде мындай катуу чара көрүү Исаковго оңой болбогону айтпаса да түшүнүктүү.

Зилалиев иштеринин бүгүн болбосо да, эртең келечек муун ага терс баа берери талашсыз. Анда ал негизги фигуралардын бири болуп турду. Жалпы адамзаттын, эртеңки урпактардын байлыгы болгон мөңгүлөрдү талкалоого жол ачкан чуулуу мыйзамдын парламенттен өтүшүнө Зилалиев чоң "салым" кошту. Бул мыйзамды иштеп чыгып сунуштаган өкмөт, "макул" деп колдоп добуш берген Жогорку Кеңештин депутаттары келечекте элин, жерин саткандардан да жаман баа алары азыр эле түшүнүктүү.

Айрым депутаттар Зилалиевдин ишиндеги кемчиликтерин негиз кылып, кызматтан кетирүү, атүгүл жоопкерчиликке тартуу талабын коюшса да, бийликтеги айрым таасирдүү күчтөр аны сактап келген. Ошондуктан анын кызматтан алынышы – Сапар Исаковдун саясий эркинин күчтүүлүгүн далилдеди. Кыргызда чиновниктер качан акыркы жолу мындай жазага тартылганы эске да келбейт. Мындан улам, жакынкы аралыкта Зилалиевдин артындагы күчтөр Исаковго каршы тымызын чабуулга өтүүсүн күтүүгө болот...

Өкмөт "Мегакомду" дагы сата албады. Дээрлик 2 ай мурун чиновниктер аталган компанияга кардар табылганын маалымдаган. Ал кардар Орусиянын жараны Елена Нагорная экени белгилүү болгондо айрым депутаттар менен жарандык активисттер анын Африкадан чай, кофе ташыганын жана байланыш тармагында эч кандай тажрыйбасы жоктугун айтып чыгышкан. Коомчулукта Елена Нагорная "Мегакомду" арзан баада сатып алууга кызыкдар болгон кайсы бир жергиликтүү чиновникти алмаштырган адамы деген божомолдор айтылган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул ишти аягына чыгарарына толук ишенип, акыркыга чейин үмүтүн үзбөй келген. Бирок Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаганы белгилүү болду.

"Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Эки жылдан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандады. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аталган фонддун төрагасы Болсунбек Казаков “Мегаком” бул акыркы баадан арзан сатылбай турганын билдирген. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган. Көрүнүп тургандай, баанын кыйла арзандоосунан да, түз сатуу аракетинен да жыйынтык чыкпай турат. Балким, компанияны сатып ала турган адам эбак эле чечилген, болгону ал үчүн ушундай жолдор аркылуу миллиондогон абоненти бар уюлдук оператордун баасы атайы арзандатылып жаткандыр...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан