Эртең, 18-ноябрга пландалган Талас облусунун тургундарынын курултайы өтпөй турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдиришти.
Алардын айтымында, курултай белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Уюштуруучулар мындай чечимин Таластагы митингдерди уюштурууга активдүү катышкан Шамбет Кубатбековдун кармалышы менен түшүндүрүштү.
Айта кетсек, буга чейин 3-ноябрда Таласта митингге чыккан эл 9-ноябрда жалпы өлкө боюнча элдик курултай өткөрүү чечими менен тараган. Анда митингчилер "президент кечирим сурасын" деген талап коюшкан, Алмазбек Атамбаев болсо өзүнүн аппарат башчысы аркылуу кечирим сурабастыгын билдирген.
Кийин Талас облусунун тургундарынын курултайы 9-ноябрда Бишкекте болбой турганы белгилүү болгондо, 18-ноябрга жылдырылып, Таластагы "Манас Ордо" комплексинде өтөрү айтылган. Анда Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо пландалган.