ЖЫЛНААМА, 20-НОЯБРЬ: Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев мындан 13 жыл мурун көз жумган

Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.

Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргыздын көбөйсүн деп адам саны.

Бул саптар поэзия дүйнөсүнө аралашып, аны окуган адамдардын дээрлик бардыгына тааныш. Анын автору Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев. Мекен жөнүндө, мааниси терең философиялык жана сүйүү темаларында ырларды жазган акын мындан 13 жыл мурун 72 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Ал Талас облусундагы Кара-Ой айылында 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарында орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. 1956-жылдан тартып "Ала-Тоо" журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959-1973-жылдары Кыргыз жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Акындын биринчи поэтикалык жыйнагы "Шумкар" 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы "Ашуудан берген отчётум" аттуу поэтикалык жыйнагы жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык "Алтын көпүрө" ("Золотой мост") сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы "Байдылда" аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган.
1951-жылдан СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны" ардактуу наамы берилген. "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, "Каармандык эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
Байдылда Сарногоевдин "Мен киммин?", "Жигитмин", "Аял, аял", "Бир жакадан баш чыгар", "Аракечтин аялынын кошогу" жана башка көптөгөн ырлары окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан.
20-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан