Сапар Исаков: “Зилалиев кайсы кызматка бара турганы боюнча жакында белгилүү болот”

Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министрлик кызматынан кеткен Дүйшөнбек Зилалиев жакында кайсы кызматка сунуштала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Зилалиев кайсы кызматка бара турганын сурады. "Зилалиев жумуштан кеттиби же башка кызматка дайындалабы?" - деди Масалиев.

Сапар Исаков жакында белгилүү боло турганын айтты.

Эске салсак, 17-ноябрда премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал вице-премьер-министр кызматында 3 ай иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан