Сапар Исаков: "Биринчи вице-премьерлик кызматына кимдин талапкерлиги сунуштала турганы боюнча кеңешип жатабыз"

"Биринчи вице-премьер-министрлик кызматына кимдин талапкерлиги сунуштала турганы боюнча кеңешип жатабыз", - деп бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Исаков аталган кызматка "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги сунушталып жатканы боюнча жооп берген жок.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министрлик кызматын Толкунбек Абдыгулов аркалап келген. Абдыгуловдун талапкерлиги бүгүн парламенттин тийиштүү комитетинде вице-премьер-министрлик кызматына жактырылды.

Эске салсак, 17-ноябрда премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан