ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 34 жашка чыкты (фото)

Мындан 34 жыл мурун, 1983-жылы 22-ноябрда V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев туулган.

Дастан Бекешевдин көзүнө кичинесинде 2 жолу операция жасалып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Сүрөттө ата-энеси менен.

Дастан Бекешевдин көзүнө кичинесинде 2 жолу операция жасалып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Сүрөттө атасы менен.

Депутаттын бала кезинен...

2001-жылы Көзү азиздер жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатын бүтүргөн. 2006-жылы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

"Кыргыз-Орус Славян университетин кызыл диплом менен аяктап, ишти Бишкектин Биринчи Май райондук салык инспекциясында юрист болуп иштөөдөн баштагам. 1 жылдай иштеп, Экономика министрлигине адис катары жумушка орноштум. 2008-жылы аталган министрликке Акылбек Жапаров жетекчи болуп дайындалды. Менин саясатка аралашып калышым да ошол киши менен байланыштуу", - дейт Бекешев.

Жубайы Кундуз менен"Келинчегим экөөбүз 2012-жылы таанышканбыз. Мындай болду. Бир жолу мага баласынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир адам жардам сурап кайрылды. Мен ага жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрмөкчү болуп, социалдык тармактан “ким акчалай колдоо көрсөтө алат, келгиле, балага жардам берели” деп жаздым. Бир кыз “мен компьютер алып берейин, сиз жеткирип берип коюңуз” деп жооп жазды. Бул мага жагымдуу болду. Ушундай боорукер адамдардын бар экенине ыраазы болдум. Бир чети "мени сынап жазып жатабы..." деген да ойлор келди. Ошентип таанышып калдык. Анан бир-эки ай сүйлөшкөндөн кийин “экөөбүз бирге бололу” деп сунуш киргиздим, ал макул болду. Таластын кызы, аты - Кундуз. Америкада окучу, аягына чыкпай калды. Кесиби - психолог, учурда кызыбызды карап үйдө. Жубайым жумушума такыр кийлигишпейт. Ушунусу жакшы да, эгер ишиме кирише берсе, ортодо конфликт жаралышы мүмкүн", - дейт депутат.

Дастан Бекешев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн жолугушуусу

Бекешев шахмат боюнча спорт чеберине талапкер.

"Кыргыз өлкөсүнүн келечегине ишенем. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар бир жаран салым кошуусу керек. Кыргыз Республикасы – чоң үй. Үйүбүзгө кандай мамиле жасайбыз? Тазалайбыз, актайбыз, сырдайбыз. Өлкөгө да ошондой мамиле керек. Жок дегенде көчөгө таштанды ыргытпа, көрүнгөн жерге түкүрүнбө дегендей. “Өлкө коррупцияга батып калды” деп кыйкыра берген менен көп нерсе өзгөрбөйт. Андан көрө ар бирибиз колдон келген салымыбызды кошолу", - деп чакырат Бекешев.

"Ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз максат болуш керек. Максаты болбосо, адамда алдыга умтулуу болбойт. Мисалы, учакты алалы. Аэропорттон учурда коно турган жерине жетүүнү максат кылат. Адамда деле ушундай, бир нерсеге жетүүгө сөзсүз умтулуш керек. Кыйынчылыктар болгондо депрессияга түшпөй жеңе билүү зарыл. Көп изденип, көп иштеген адам гана бийиктикти багынтат", - деген пикирде депутат.

Ишмердүүлүгү:
2006-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук башкармалыгында укук маселелери боюнча башкы адис болуп иштеген.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жумушка кирип, аталган министрликте Ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана фискалдык саясат башкармалыгында иштеген.
2010-жылы октябрда "Ар-намыс" саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2010-жылдын 23-декабрында Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланган.
2012-жылдын февраль айынан тартып Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.
2014-жылы 10-ноябрда Дастан Бекешев "Ар-намыс" партиясынын катарынан чыгып, "Ак ниет" деген партия түзүп, бирок "Ар-намыс" фракциясында ишин улантарын айткан.
2015-жылдын октябрь айынан тарта КСДП фракциясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
22-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-22 19:06:39
Дастан Бекешовдун фанатымын! Козу азис болсо дагы коп инсан кыла албаган нерсени кылган жана кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан