Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын жетекчилиги менен биринчи кеңешмесин өткөрдү

Бүгүн, 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын жетекчилиги менен биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын 2018-жылдын 15-февралына чейин иштеп чыгып, бүтүрүү керектигин эскертти. Ал белгилегендей, 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы келе жаткан жылдын февраль айынын аягында кабыл алынышы керек.

Мындан тышкары Жээнбеков жакын арада коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыттарын белгилеген Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүү тапшырмасын берди. “Өлкөдө акыркы жылдары коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрдү. Ал өлкөнү коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалоого бардык шарттарды түздү. Биз коррупцияга каршы күрөштү улантышыбыз керек”, - деди мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
abusait
2017-11-24 19:03:32
Жакшы жакшы башталышы жакшы.. .
-2
Baktikan
2017-11-24 19:05:20
Soke emi "chik eshike"dep aydap chikpasa boldu
-3
eraly_kgkg
2017-11-24 19:18:57
Коррупцияга каршы аесуз күрөш жүрдүбү??? Аллах баарыбызга ыйман, ынсап берсин
+3
madrid7000
2017-11-24 22:01:02
Кантип президент болгонун озу деле тушунгон жок окшойт.Уч уктаса тушуно кирген эмес да бул бактылуунун.
+3
grace
2017-11-24 22:16:37
Коррупционерлерди "чык эшикке" кылса керемет болор эле!
+1
Baha.A
2017-11-26 12:02:55
grace,ошентсе сооонун болот эле го оор. ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан