Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда өтө турган соттук отуруму 30-ноябрга жылдырылганын депутаттын жубайы Жамила Исаева билдирди. Анын айтымында сот отуруму жактоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу кийинкиге жылды.
Эске салсак, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Бүгүнкү сот отуруму ушул ишке байланыштуу болмок.
Мындан тышкары 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү УКМК депутат Исаев жана уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалганын айткан. Ал эми 2-октябрда сот Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган болчу. Ал эми 25-ноябрь күнү Биринчи Май райондук соту Канат Исаевди дагы эки айга тергөө абагында калтырган.