Нарындагы памирлик кыргыздарга үй буюмдарын, кийим-кече сатып алууга өкмөттөн 948 миң сом каражат бөлүндү

Нарын облусуна алынып келген памирлик кыргыздар үй буюмдары жана кийим-кече менен камсыздалат. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, үй-тиричилик буюмдарын, кийим-кече жана дары каражаттарын сатып алууга тендер жарыяланган.

"Памирлик кыргыздарга кийим, бут кийим, төшөк-шейшеп, турмуш тиричилик эмеректери, идиш-аяк жана Кыргыз өлкөсүнүн жер шартына көнүү учурунда керектелүүчү дары каражаттары, 6 телевизор сатып алынат", - деп айтылат маалыматта.

Бул үчүн өкмөт тарабынан 948 миң сом каражат бөлүнгөн.

Эске салсак, ушул жылдын 12-октябрь күнү Чоң жана Кичи Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө Кыргыз өлкөсүнө алынып келген. Алар Нарын облусундагы Куланак айылына жайгаштырылып, №86-кесиптик лицейдин имаратында билим алууда.

"19-ноябрда дагы 11 памирлик кыргыз Нарын облусуна келди. Алар мындагы туугандары менен көрүшүү үчүн келишкен. Адегенде ооруканадан текшерүүдөн өтүп, Нарындын жер шартына көнүү учурундагы тиешелүү медициналык жардамдар берилгенден кийин 33 памирликтер жайгаштырылган жатаканага жайгаштырылды", - деди өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
portugalia
2017-11-27 14:07:23
Бейишке эле келгендей болушса керек.Кыргыз жерим эн бир керемет жерлерден да озу.
+6
Isco23
2017-11-27 14:07:44
52000ди жееп койдунарбы?бир жолу тоголок эле кылбайсынарбы
+4
Musabaeva.
2017-11-27 14:09:40
эми кетебиз деп чыкпай калышса экен
+1
Batma08
2017-11-27 14:17:06
Ушул акчага дагы калганын алып келсек жакшы болот эле алардыда кыйнабастан
+4
Dalil
2017-11-27 15:26:33
Batma08, туура айтасын келгендерин жумуш менен камсыз кылып өз жанын бага ала тургандай шарт түзүп берип ошо акчага калган памирлик кыргыздардан көчүрүп келсе жакшы болмок
+2
Fotosintez
2017-11-27 16:09:49
Буларга дыйканчылыкты уйротуп коюш керек анан 1-2 жылда оздорун багып кете алат деп ойлойм
+1
Too-tash
2017-11-27 17:35:37
Бул акчанын жарымы сол чонтокторго кетет.. 6 телевизорду 300 минге алышса тан калбаймын....
-1
Sharipa-asia
2017-11-28 00:55:49
азаматсыңар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан