Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунун Чүй көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин түбүнөн ичүүчү суу өтүүчү түтүк жарылды. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирди.
"Түтүк бүгүн, 28-ноябрда жарылды. Чүй көчөсүнүн Саадаев көчөсү менен кесилишкен жеринде суу фонтан болуп атып баштады. "Суу канал" ишканасына чалсак, диспетчер бош бригада жок деп койду. Көчөдөн жөө адам жүрө албас абалга келди. Бир көчөнү бүт суу каптады. Ошону менен бирге 2 күндөн бери түнкүсүн электр энергиясын чектеп коюп жатышат. Профилактикалык өчүрүүлөр болбойт дешпеди беле? Түнкүсүн жарык жок, үйлөрүбүз суук. Эми эшикке чыксак короо суу", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.