"Тарых музейиндеги баалуу экспонаттардын уурдалышы мамлекеттин кадыр-баркына шек келтирүүчү маселе", - деди Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 1-декабрдагы фракция жыйынында.
Анда депутат Башкы прокуратуранын өкүлүнө кайрылып: "Башкы прокуратура, силердин Жогорку Кеңешке бере турган отчётуңардан бул иштин жыйынтыгын да күтөбүз. УКМКга, ИИМге силер тийиштүү тапшырмаларды берип, бул иштин бетин ачкыла. Бул деген кылымдап топтолгон баалуу буюмдардын тонолгондугу. Эрмитажда бир картина жоголгондо кандай болду эле, Францияда кичинекей бир барак жоголгондо кандай чуу болду эле? Бул деген мамлекеттин кадыр-баркына шек келтире турган, абдан жүрөктү оорута турган маселе. Мумияны да көмүп салдыңар. Эми музейди аты үчүн эле кармап турасыңар. Бул жай эч жерде жок уникалдуу баалуу буюмдары менен музей да. Биз бул ишти көзөмөлгө алабыз. Бул иштин бети ачылбаса, генералдардын басып жүргөнү уят!" - деди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Тарых музейинде жоголгон баалуу экспонаттар боюнча маселени карады. Анда Башкы прокуратура Тарых музейинде жоголгон экспонаттар боюнча үч кылмыш иши козголуп, токтоп турганын айткан. Буга конкреттүү эч нерсе табылбай жатканы себеп экенин билдирген. Ал эми Маданият министрлигинин өкүлү Тарых музейинде 503 баалуу экспонаттар жоголгонун, анын арасында алтын зер буюмдар да бар экенин маалымдаган.