Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарында эркек киши кичинекей баланы тээп жаткан видео социалдык тармакта жарыяланды.
Видеодо эркек киши кичинекей баланы белге тээп жатканы тартылган. Анда окуя бүгүн Бишкек шаарынын Улан-2 кичи районунда болгону жазылган.
Учурда окуя социалдык тармактарда талкууланып жатат. Ал эми бул тууралуу Бишкек ШИИБинен маалымат алуу азырынча мүмкүн болбой жатат.