Бүгүн Бишкек шаардык соту депутат Аида Салянованын ишин карайт

Бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын ишин карайт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурум бүгүн түштөн кийин уланат.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aisyrga88
2017-12-04 18:01:59
Карабай эле койгула булделе жылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан