КҮНСЕРЕП: Баласын тепкилеген ата: Жазалоо оңой, абалды оңдоо оор

Бүгүн, 4-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Балдардын ата-эне, чоңдор тарабынан зордук-зомбулукка алынышы кайрадан көӊүл чордонунда. Интернет желесине бир адамдын жерде жаткан кичинекей баланы тепкилегени тартылган видео тарап, милиция шектүүнү кармады. Ал баланын атасы, Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары экени белгилүү болду. Аталган жаранга карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө башталды. Күнөөлүү деп табылса айыпка жыгылып же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кылмышка шектүү жарандын баш коргоо чарасы бүгүн аныкталып, 2 айга камакка алынды. Социалдык түйүндөрдө шектүүнү аталык укуктан ажыратуу, оор жазалоо чакырыктары айтылууда. Албетте, бул окуяда атанын жоругун актоо мүмкүн эмес. Бирок аны камап жиберүү же ири суммада айыпка жыгуу менен маселе чечилип кетпейт, тескерисинче, ырбашы мүмкүн. Оор айып салынса, анын зыянын ошол үй-бүлө менен бала дагы тартат. Камап койсо үй-бүлө бузулат. Мындайда үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү керек болот, атасын, апасын жана баланын өзүн психологиялык экспертизадан өткөрүү зарыл. Үй-бүлөдөгү мындай агрессивдүү мамилени адистер текшерип, үй-бүлө мүчөлөрү психологдун же психиатрдын дарылануусунан өткөнү оӊ. Дарылоодон кийин да үй-бүлө мүчөлөрү социалдык коргоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууга тийиш. Ошондуктан бала атасыз өскөндөн көрө кылмышка шектүү атаны үй-бүлөсү менен реабилитациялоо туура, башкача айтканда, аны жазалоо эмес, дарылоо керек. Билим берүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Социалдык өнүгүү министрлиги өӊдүү мекемелерге мамлекеттин эсебинен миллиондогон суммада акча бөлүнөт. Баланы кантип бактылуу кылыш керек деген суроонун үстүнөн дал ушул министрликтер иш жүргүзүшү керек. Эгерде өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук азайбай жатса, демек, мамлекеттен бөлүнгөн акча талаага кетип жатат дегендик.

Бул социалдык маселе, аталган тармактар реформаны талап кылат. Ал эми реформаны эски кадрлар жасай албай жатышат. Премьер-министр Сапар Исаковдун жаңы замандын жаңы көз караштагы командасы жасай алабы деген үмүт бар. Анткени аэропортто өзгөрүүлөрдү жасай алышты. Мамлекеттик каттоо кызматы аталган кызматкерин иштен бошоторун билдирди. Эми кезек укук коргоо органдарында. Албетте, бул окуя тасмага тартылып калганы үчүн элге жайылып кетти. Коомчулукка билинбей кордолуп жаткан балдар эселеп көп болушу мүмкүн. Ата-энесинин колундагы балдар ушундай кордук көрүп жатышса, ата-энесинин кароосу жок балдардын абалы кандай деген суроо туулат. Өлкөбүздө балдарга карата зомбулукка байланыштуу чуулгандуу көптөгөн окуялар талкууланып, айрымдары соттолуп, тийиштүү жаза чектелип жатат. Ошого карбай балага карата мындай мамиле уланып жатканы кейиштүү көрүнүш. Окуядан бери бир нече күн өтсө дагы Социалдык өнүгүү министрлиги үн катып, ак же көк дегенге жараган жок. Ошентсе да бул окуя интернеттин жана жарандык активдүүлүктүн күчүн көрсөткөн кичинекей алдыга жылыш болду...

Эркектерди көп аял алууга чакырган экс-муфтий Чубак Жалиловду ИИМ суракка алды. Жалиловдун өзүнүн 2-аял алганы жөнүндө билдирүүсү, анда "колуӊардан келсе 2 аял алгыла" деген үгүтү сындардын толкунун жараткан. Жогорку Кеңештин депутаттары Жалиловдун үгүтү “мыйзамдан коркпойм, мыйзам бизге иштебейт” деген ачык чакырык, бул сөзсүз түрдө тийиштүү мекемелер карап, укуктук баа бере турган окуя дешкен.

1-декабрда Бишкек шаардык милициясы издөөдө жүрөсүӊ деп Чубак Жалиловду Ысык-Көлдө дарыланып жаткан жеринен кармап келгени белгилүү болду. Анын адвокаты Акин Токталиев “Бишкек милициясы Жалиловду мыйзамда каралгандай 4 саат эмес, 6 саат суракка алды, жогору жактагыларга көрсөтөбүз деп сурак жүргүзүүнү видеого тартып алышты”,- деп нааразы. Жалиловдун кармалышы, суракка алынышы жогору жактагылар аралашып чече турган эмес, укук коргоо органдары жасай турган кадимки иш болууга тийиш. Экс-муфтийдин чакырыгы боюнча арыз жазылган, маселе Жогорку Кеӊештин жыйынында талкууга алынган. Анын көп аялдуулук жөнүндө үгүтү кооптуу дегендер өлкөдө аз эмес. Укуктук өлкөдө бардык жарандар мыйзам алдында бирдей болушу шарт. Жалиловду экинчи жолу соттук териштирүүлөр күтүшү мүмкүн. Биринчи жолу муфтий болуп тургандагы иштери үчүн күнөөлөнүп, жыйынтыгында "аман калган" эле. Экс-муфтий өлкөдө эки аялы бар жалгыз адам эместигин, токол алган таанымал молдолордун, көптөгөн депутат, чиновниктердин никесин кыйганын, керек болсо алардын аттарынан бери айта аларын жакында ММКлардын бириндеги маегинде билдирген. "Менден айырмаланып алар экинчи аялдары тууралуу айта алышпайт, эрктери жетпей жатат" деген Жалилов. Ошентип экс-муфтий көп аялдуу саясатчыларга караганда өзүнүн чынчылдыгын, эрктүү экенин билдирип, бул маселенин талкуусу күчөй берсе өзүнө кошо бир топ депутат, ишмерлер сындар толкунунда каларын кыйытты...

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда кезек күткөн 50дөй оор жүк ташуучу унаа калды. Кыргыздын Чек ара кызматынын билдиришинче, 3-декабрдан тарта башка пункттарда дагы автоунаалар эркин өтүп жатышат, тыгын жок. Казак тараптын 10-октябрдан тарта чек арадагы текшерүүнү катаалдаштыруусу 2 ай дегенде жумшарды. Бул арада өлкөлөрдүн премьер-министрлери бир нече ирет жолугушууларды өткөрүшүп, конфликтти чечүү боюнча “жол картасы” түзүлүп, ошентсе да абал жакшырбай, акыркы чечим президенттерде калган. Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин Беларустагы жолугушуусунан 3 күндөн кийин чек ара ачылды. Бул Жээнбековдун өлкөдөгү лидерлик ордун иш жүзүндө бекемдеген алгачкы кадамы болду...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан