Тепки жеген баланын ата-энеси жарандык никеде жашайт. Наристени тепкен кишинин 25, 27 жаштагы дагы 2 баласы бар
Жерде жатып, атасынан тепки жеген баланын ата-энеси жарандык никеде жашашат. Мындай маалыматты бүгүн, 4-декабрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Мира Абдылдаева билдирди.
Ал белгилегендей, наристени ичке тепкен кишинин жарандык никедеги аялы экөөнүн ортосунда бул баладан тышкары дагы бир кызы бар.
Ал эми Сокулук райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Айымкан Керимбаева баланы тепкен кишинин 1990, 1992-жылы туулган дагы 2 баласы бар экенин айтты.
"Бул окуя тууралуу маалыматтарда ал кишини Сокулуктун жашоочусу деп жазып жатышты. Буга байланыштуу биздин кызматкерлер маалыматтарды топтодук. Ал адам Төш-Булак айылында туулуп өскөн экен, бирок учурда Бишкек шаарындагы 5-кичи районунда үй-бүлөсү менен каттоодо турат. Бизде катталган маалыматтар боюнча анын 25 жана 27 жаштагы 2 баласы бар. Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары кызматында иштечү. Жумушка Бишкектен Сокулукка каттап иштейт", - дейт Керимбаева.
Буга чейин тепки жеген кичинекей бала жана анын ата-энеси Бишкектеги Улан кичи районунда жашагандыгы маалымдалган.
Эске салсак, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Ал киши интернетке тараган видео монтаждалган деп күнөөсүн моюнуна албай жатат.
Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы аны кызматтан кетире тургандыгын билдирген.