Бишкек ШИИББи: "Чубак Жалилов экинчи аялым деп жаткан аял жөн гана сүйүктүүсү экенин айтты. Аны менен никеси да жок экен"

Бүгүн, 4-декабрда диний ишмер Чубак Жалилов Бишкек ШИИББине экинчи ирет чакыртылып, өзү айтып жаткан "экинчи аялы" тууралуу суроолорго жооп берди. Мекемеден SUPER.KG'ге кабарлашкандай, Жалилов кеп болуп жаткан аял экинчи аялы эмес экенин айтты.

"Жалилов ал аял жөн гана сүйүктүүсү экенин айтты. Аны менен жарандык да, расмий да никеси жок экен. "Бир гана балдарымдын апасы жубайым" деди. Андан сырткары интернетке тараган видеодо эч кимди мыйзам бузууга чакырбаганын белгиледи", - деп билдиришти ШИИББден.

Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалилов өткөн жума элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосун тараткан. Анын мындай аракети катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдрасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (164)
Hurem
2017-12-05 09:41:31
Менин тушунугум боюнча Чубак ажы расмий никеге туруп катталган эмес. Жон эле нике окутуп жашап жаткан.
-3
deva
2017-12-05 09:42:58
Түй ата, каратып туруп калп айтат го, видеосунда "ооба, үйлөндүм, аялым бир аз капа" деп жатпайт беле. Эми кимге ишенебиз дин аалымы ушинтип жатса? Мен ошого, мен ошого капамын((
+4
nazira...
2017-12-05 10:55:46
Пайгамбарга окшоп токол алгысы келсе озунон 2-3 жаш чон, балдары бар аялды алып корсотсо болмок.Ошондо эч ким эч нерсе дей албайт эле.Анан 3-сун жаш катын ала берет эле.Эми не болду, озу айтчы эле го суйуу никеден кийин болот деп.Тушунбой калдым, ТВдан калтырбай корчу элем ажыны сыйлоом деле жоголду окшойт.
+9
admin_superstan
2017-12-05 12:30:40
Best.bakyt, moskoy, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
-4
jenibek
2017-12-05 12:42:29
urmattuu kyrgyz elim ushunchalyk dushmanchylyk kylyp jatkan akyly joktorgo kayryluum .chubak ajy ech kachan jalgan suyloboyt .siler chubak ajyga ishenbey bir jurnalist jazgan makalaga ishengeniner siler kyrgyz jurtchuluna dushmandyk kylyp jatasynar dep baalaym.chubak ajy kyrgyzdyn jok bolup ketpoosuno chon salym koshkon kishi anyn ushunchalyk uluu kishi bolgondugun kabarlayt bugunku bolup jatkan okuyalardan.buga cheyin kanchalagandar ekinchi ayal aldy ech kiminer unchukkan joksunar.aman ele bol
-3
beka1207
2017-12-05 12:55:06
Дин фанаттары,эмнеге силер "пенде -ката кетируучу" деген терминди жокко чыгарып атасынар?
Чубак деле пенде го кудай эмес,ал деле куноо кылат,жанылат,адашат го.
Кее бироолор бул жерде айтып атышат Чубак ажы минтип айтпайт болчу,жанылбайт болчу,ката кетирбейт болчу деп.
Жок!ал деле пенде,жанылышы мумкун,жолдон адашуусу мумкун.
Экинчи аял алдым ак никелеп деп озу жолдон адашты бу сапар.
+5
aidai89
2017-12-05 13:51:48
Значит ойношу турбайбы
+4
ularik_kg
2017-12-05 14:37:05
Ажыке ошончо илиминиз ошончо баркыныз бир созунуз менен жер менен бир болду, уят эле болду, алдым дегениниз он эле, эми эл ойлоп калды Чубак ажы ойношу бар экен деп, — баскыла эми
+2
Asyl10
2017-12-05 15:32:53
ularik_kg, бир-эки кундон кийин кайра ойношум эмес- никедеги аялым деп чыгат молдокебиз. Акыр заманда диний аалымдар ойнош ойноп, суйуктуум деп калышат окшойт.Ишенген ажыке аалымдын акыбалы ушул болсо,анда башка кыргыздын эркектерине соз жок.
+3
yasmina_kg
2017-12-05 15:08:18
Бул жерди окуп чыгып,бир окуя эсиме тушту. Пайгамбарыбыз с.а.в убагында Айша энебиз менен жаман жагдай болуп аны мусульмандар арасында эле ушак чыгып "зинакор"аташкан. Пайгамбарыбыз с.а.в Айша энебиз жана башка мусульмандар учун оор кундор эле. Ушактар жайылып,даана эки жуздуулор ошондо билинет. Бир нече кундон кийин аят тушот ал жерде Айша энебиз куносуз болгону айтылган. Ошндо барына сабак болду эки жуздулор,жалган ушак таркатучулар,билбей т.п башка бироонун абийирине соз тийгизгенде
0
kaniulia
2017-12-05 15:10:47
Бул жерде полно ушакчылар экен бироону куноолоп озунорго кечирилгис куноону алып келип жатасынар.
Неге озунордогу башынардагы чоптту корбой бироонукун коруп жатасынар...
+1
admin_superstan
2017-12-05 15:20:26
makkss25, адамды мазактап жазууга тыюу салынат.
-1
Asyl10
2017-12-05 15:29:04
Ва-ха-ха молдокебиз эмне болуп атат озу. Бир туруп аялым дейт, бир туруп суйуктуум дейт. Суйуктуум деген-ЛЮБОВНИЦАМ деген соз. Демек Чубак ажы любовница куто баштаптыр да. Ииии не деген шермендечилик. Ушундай эл ээрчиткен аалымыбыз жалпы элге ал менин суйуктуум деп. Бойдок болсо суйуктуум десе-суйгон кызы болмок, бала-бакыралуу адам суйуктуум дегени -любовницам (ойношум) деген эле кеп да. Тообоо Ишенген кожом сен болсон, алды артындан тал карма дейт беле. аалымыбыз ушинтип журсо, ШЕРМЕНДЕ!
+1
Uhtishka.
2017-12-10 19:09:19
Asyl10,Жаман эле кыйын болупсузго э?Кичине болсо да ,жок дегенде ичинизде болсо да тобо дединиз экенби ?Аттин жашоодо ар бир соз жана кыймылыбыз учун жооп берерибизди билсек ,мынтип аалымдын устунон кулбойт элениз.Ушул сыяктуу коменттерге плюс койгондор да аман эле болгула ылайым.
0
admin_superstan
2017-12-05 15:31:34
moskoy, kaniulia, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
-1
kanu
2017-12-05 16:03:32
уятсыз, сразу отургузуп салыш кк,адамдарды и бузуп жаман жолго угуттоду
0
Asyl10
2017-12-05 16:30:16
"Жесир аялды алдым, силер да уйлонгуло" деп угуттоп ычкыры узулду эле,эми алган жокмун, ал суйуктуум (любовницам) деп такыясы учту го. 5 баласы бар дин аалымынын ал аял жон гана суйуктуум дегени эмне деген шумдук? Молдокенин жактоочулары, озунордун да оозунар ачылып жабылбай калды го "суйуктуум" дегенин окуп. Чукебиз 360 градус аркага сальто таштап койду. Бул менен 5 баласын, никедеги жубайын,"любовницасын"да сыйлабаган адам экенин далилдеди
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан