"Мени коргоо максатында уюштурулуп жаткан митингге эч кандай тиешем жок", - деп бүгүн, 5-декабрда өлкөнүн экс-муфтийи Чубак Жалилов интернеттеги баракчасына жазды.
"Эртең эч кандай митинг болбойт! Аты-жөнү белгисиз болгон адамдардын тилине кирип, күнөөкөр болуп калуудан сактаналы! Бул сыяктуу элди дүрбөткөн, чагымчыл аракеттерди мен колдобойм жана чын жүрөгүмдөн жектеймин. Бардык маселелер укук талаасында чечилүүсүн туура деп эсептейм", - дейт диний ишмер.
"Менин үстүмдөн жазылган арыздын негизинде атайын тараптар мени менен аңгемелешүү өткөргөндүгү чындык. Бирок ал жерде менин же үй-бүлөмдүн ар намысына доо кетире турган туура эмес аракеттер болгон жок. Урмат-сыйдын, адамгерчиликтин жана мыйзамдын негизинде гана болгондугун баса белгилегим келет", - деп кошумчалады Жалилов.
Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалилов өткөн жума элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосун тараткан. Анын мындай аракети катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдрасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.
Кечээ, 4-декабрда Чубак Жалилов Бишкек ШИИББине экинчи ирет чакыртылып өзү айтып жаткан "экинчи аялы" тууралуу суроолорго жооп берген. Милициянын маалыматы боюнча, Жалилов экинчи аялым деп жаткан аял жөн гана сүйүктүүсү экенин айткан.