Аида Салянованын жактоочусу ооруп калгандыгына байланыштуу Бишкек шаардык сотундагы отурум башка күнгө жылды

Аида Салянованын жактоочусу ооруп калгандыгына байланыштуу Бишкек шаардык сотунда өтүүчү соттук отурум башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралмак. Бирок анын жактоочусу Чынара Жакупбекова ооруп отурумга келе албагандыгына байланыштуу ишти кароо 12-декабрга жылдырылган.

Айта кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан