Кенже Көбөкова: "Мен жаздырган ыр менен тойдо кызмат кылып жүргөн "ырчы" кечирим сурайт деп ойлойм"

Кенже Көбөкова интернеттеги жеке баракчасына "Кечирип кой" аттуу ырын тойдо башка кыздын "аткарып" жаткандагы видеосун жарыялаган. Анда ал: "Сиңдимсиңби, курбумсуңбу билбейм. Бирок өзүң келип кечирим сурайсың деп ишенем. Менин үнүм менен, мен жаздырган ырды "ырдап" жатасың. Канча эл күбө. Менден башка дагы канча ырчынын үнүн пайдаланасың ким билет?" - деп жазган.

Видеодон улуттук кийим кийген кыздын "Кечирип кой" аттуу ырды "аткарып" жатканын көрүүгө болот. Көбөкованын билдирүүсү талкууга алынып, "мындай кадамга барган "ырчы" ким?" деп суроо салгандар көбөйдү.

SUPER.KG порталы Кенже Көбөковага байланышып, бул видео тууралуу маалымат алды. Анын айтымында, видеону ал интернеттен көргөн, кийин тааныштары ага "сенин үнүңдү, эмгегиңди уурдаптыр" деп жөнөтүшкөн.

"Аябай таң калдым, бул эми уурулук да, экинчиден элди алдап жатат. Кыздын аты-жөнүн билбейм, тапкан жокмун. Эгер уялса өзү келип кечирим сурайт деп жатам. Укканым боюнча, ошол тойдо Манас Алыкулов тамада болгон экен. Бул ырдын сөзү, обону Замирбек Үсөнбаевге таандык, уруксат алып ырдай берсин, бирок менин жаздырып койгон ырымды, менин үнүм менен пайдаланып акча тапканы такыр акылга сыйбаган иш. Ал кыз менин даяр ырыма фонограмма аткарып эле тим болбостон, ырчы Азиза жаздырган "Жар-жар" ыры менен үйлөнүп жаткан түгөйлөрдү ресторанга коштоп кириптир", - дейт Көбөкова.

Ал кошумчалагандай, "Кечирип кой" деген бул ырды ал 2014-жылы жаздырган. Ага жалпы 400 доллар каражат жумшалган.

Кенже Көбөкова кайрылуу жасаган адамдын оюн угуу үчүн көргөн аракеттерибиз натыйжалуу болгон жок. SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин угууга даяр.

Кенже Көбөкованын үнү менен фонограмма ырдап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
raykray
2017-12-06 16:42:00
Ыр талаш, адамдар олуп ататко,
+6
Atash1988Avletim
2017-12-06 16:50:51
raykray,+бассам - басылып кетти.
+2
DUNI
2017-12-06 16:56:05
raykray,Ошода,мөңгү талкаланып жатпайбы?? Биз деле мектепте окуп жургондо фонограмма менен ар кимдин ырын коюп ырдай берет элек.
+13
Pandora
2017-12-06 17:24:58
DUNI,Мектепте жон гана конкурс,бул тойдо ырдап жатат.Ал ыры учун бетин калын кылып акча алып кетип жатат
+5
Djal1987
2017-12-06 20:23:04
raykray,тема адамдын омуру жонундо эмес эмгеги жонундо болуп жатат, тоо десе бээ дейсинер. За чужой труд надо платит! Бетти жер кылбай оз уну, эмгеги менен чыксын ар бироо.
+2
Atash1988Avletim
2017-12-06 16:50:16
Кенен болгула кыргыздар.адам өлүп кетип атпайбы?ырдаса жакшы көрүп ырдап атат да
+12
Pandora
2017-12-06 17:26:52
Atash1988Avletim, Ырчы туура эле айтып жататго ээсинен сурап ырдай берсин бирок мен жаздырган унго фонограмма ырдабасын деп
+3
Djal1987
2017-12-06 20:25:00
Atash1988Avletim,оз уну менен ырдасын деп жатат. Фонограмма менен еще бироонун уну менен ырдаптыр куноолу. Тоо десе бээ дейсинер да
+2
kechirmeni
2017-12-06 16:53:46
Реально ою жок ырчы экен да, ыр деп ырдай береби ээсинен сураш керек да
+5
talant87
2017-12-06 17:00:14
Тарткан адам акыркы созун согунгонбу
+3
guli-1980
2017-12-07 01:37:33
talant87,ырчы Гуланда тойго конок катары барып ушул ырчыны угуп калып видеону тартып инстаграмга жуктогон
+3
Medinaa
2017-12-06 17:17:48
Рахмат.Ушул ырды издеп жүргөм.
+2
Medinaa
2017-12-06 17:19:09
Кантип көчүрсөк болот?
+1
Ma9
2017-12-06 18:51:53
мээнет менен акча кетирип жаздырганда бардык эле Адам жини келет
-1
nnn.sss
2017-12-06 22:10:29
Блиин эй дейтго))
+3
Nuraruu5
2017-12-06 22:41:20
ЭЙ ЫРЧЫ ЖЫЛДЫЗДАР Тим эле менин ырым менин эмгегим деп талашып каласынар да озунор 90/илгерки ырларды кичине аранжировка кылып эле чыга каласынар го ырдап эле жылдыз болуп жүрбөйсүнорбү, кандай болот экен бирөөнүн эмгегин уурдаган
+8
Aydaykizim
2017-12-06 23:15:40
Ээх,азыркы заманда кичине боштук кылсан,оозундагы ашты дагы жулуп алат,,Кенже эже кайра суйунбойсузбу менин аткаруумдагы ырды элге тартуулап жатат деп.себеби азыр элдин баары сизди унунуздон тааныйт.билишет.
+3
meni_kut
2017-12-07 09:52:45
Бул ырды озунуз жазбасаныз керек... Илгерки ырчыларга рахмат, келечектеги ырчылардын аш таап жей турган жакшы ырларды калтырып кеткен экен. Азыркы ырчылар силерден келечек муунга эмне калат????
+4
janjigit
2017-12-07 11:03:25
Ээ айланайындар баарын эле сыймыктанбайсызбы ырдаса депсинер го.ырдай берсин бирок озу жаздырып ырдасын да элди алдап акча таппай.мисалы бул кыздын уну жоктур,жон гана оозун кыбыратып кенженин уну менен акча таап аткан бир клоундур,ушул силерге жагабы?тойго чакырган той ээсинин акчасын актап атабы бироонун эмгеги менен.мындайга чара корбосо эртен эле дагы бир жузу сулуу самара каримованын уну менен ырдап акча албайт деп ким кепилдик бере алат ойлонсонор?
-1
nazira...
2017-12-07 13:43:21
Бул кыздын озу кандай ырлары бар эсте кала турган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан