Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары көп болуп жатканын айтып, балдарга болгон мамилени өзгөртүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул багытта атайын мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу керек экенин белгиледи.
"Биздин балдарыбыз коргоодон алыс калып, кордоого туш болуп жатат. Өз аталарынан, улуулардан запкы жегендер болуп жатат. Жакында Жалал-Абадда топ жаш балдарды келип унаа менен коюп кетти. Мындан тышкары жаш балдарга карата зордук-зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү кордуктар көрсөтүлүп жатат. Ошондуктан мыйзамдуу балдардын укугун коргоону баарынан жогору коюшубуз керек. Алимент өндүрүү өтө начар болуп жатат. Ажырашуудан көчөдө калган 5-6 үй-бүлөнүн арызы менде турат. Балдарды коргоо боюнча атайын коомдук угуу өткөрүп, жоопкерчиликти жогорулата турган мыйзамдардын үстүндө иштесек", - деди Орозова.
Эске салсак, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланы ичке тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган.