КҮНСЕРЕП: Сапар Исаковду "шок" кылган кабарды прокуратура иликтейт

Бүгүн, 7-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Премьер-министр Сапар Исаков журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, өкмөт башына келгенден берки 100 күнү, жетишилген ийгиликтер жана кемчиликтер тууралуу кенен маалымат берди. Биринчи эле көзгө түшкөнү жаш премьердин кыргыз чиновниктерине мүнөздүү адаттарга али алдыра электиги болду. Жолугушууга бийликчил ММКлардын өкүлдөрү менен катар бийликти такай сындап жүргөндөр да чакырылып, берилген суроолордун дээрлик баары жоопсуз калбады. Премьер өзү тууралуу ушактарга да комментарий берүүгө жетишти.

Өкмөттү талуу жерден кармап, сындар очогуна таштап келе жаткан маселе Жогорку Нарын ГЭСтер каскады экени түшүнүктүү. Премьердин айтымында бул ишке инвестиция салууга кызыкдар 2 компания бар. Аталган ГЭСтерди куруу Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенде берген убадаларынын бири эле, 2017-жылы кызматтан кетерде өлкөгө ГЭСтер сөзсүз куруларын, керек болсо өзү инвестор издей турганын билдирген. ГЭСтер сөзсүз куруларын бүгүн Сапар Исаков да убадалады. "Русгидро" жана "Лигласс" компанияларынан улам чыккан сындар, "Мегакомду" сатып алмакчы болгон орус ишкери Елена Нагорнаянын окуясынан сабак алган өкмөт ГЭС курууга кызыкдар 2 компаниянын аты-жөнүн атай элек.

Өкмөт башчы Жол-кайгуул кызматында болуп жаткан өзгөрүүлөр боюнча айтылып жаткан сындардан кабардар, тармак реформалана турганын айтты. Мисалы, жол кыймылын тескөөчү инспекторлор ар бир аймактык милиция башкармалыктарына көз каранды болбой, вертикалдык башкаруу киргизилмекчи. Азыркы тапта МАИ кызматкерлери айдоочулардан пара алып, чоӊдоруна ташып жатканын айткан премьер: "Мен муну жоём", - деди. 2010-жылдан бери Кыргыз жеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу орган көп жолу өзгөрдү, улам жаӊыча аталып, жетекчилери алмашты, бирок жарандар көчөлөрдө өздөрүн дале коопсуз сезе албай келишет.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык күчтүү президент, күчтүү премьер болгон учурда кайсы бир орчундуу иштер боюнча пикирлер келишпей, тиреш чыкса эмне болот? Өкмөт башчы азыркы тапта мындай тиреш чыкпайт деген пикирде. Президент Жээнбеков менен өзүнүн атасы чогуу иштегенин, андыктан аны бала кезинен тартып жакшы билерин да кошумчалады. “Дегеле, маанилүү иштерде премьер, президент эле эмес Жогорку Кеңеш дагы бирдиктүү позицияны карманышы керек. Ал позиция – өлкөнүн кызыкчылыгы. Мына ошол нерсе болсо эле тиреш чыкпайт”, - дейт өкмөт башчы.

Жанына жалаң Батыштын мыкты окуу жайларынан билим алган кеңешчилерди топтоп ишке олуттуу киришкен, өзү да жаңыча ойлонгон, бүтүндөй мамлекетти санарипке өткөрүп, “Таза коомду” курам деген премьер өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы, эркин ММКларды миллиондогон сомдорго доого жыгуу иштерине кандай көз карашта? Журналисттер мына ушул маселеде өкмөт башчы бийлик башындагы башка жетекчилерден айырмаланат деп күтүшкөн. "Сөз эркиндиги менен адамды каралоонун ортосунда чек болушу керек". Премьер ушундай кыска пикир менен чектелди. Бул маселеде пикирин кенен билдирүүнү каалабаганы менен өзү тууралуу ММКларда айтылып жаткан кептерге кенен токтолду. Жакында Максим Бакиевге тийиштүү болгон хансарайлар шаарчасы базар баасынан арзан сатылганы белгилүү болгон. Көп өтпөй эркин журналисттердин бири бул шаарчаны сатып алган адам Сапар Исаковдун классташы деген иликтөөсүн интернетке жарыялаган. “Бул сөздү угуп нес болдум. Элге аябай кызыктуу жаңылык болсо болгондур. Бирок ак жерден менин ишмердик аброюма доо келтирилип жатат да? Биринчи эле оюм сотко берүү болду. Бирок кеңешчим бул оюмду колдобой койду”, - дейт премьер. Аталган журналисттик иликтөөнүн үстүнөн учурда башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп жатканы, жыйынтыгы коомчулукка жарыяланары белгилүү болду.

Өкмөттүн 100 күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып Сапар Исаков “Паспортумду жаңыртууга мен портал аркылуу арыз берип, аны почта кызматы үйүмө жеткирип берди. Ушундай иш менен кайсы кошуна өлкө мактана алат? Бул биз жетишкен эң сонун ийгилик. “Таза коом” өлкөбүздү лидерлердин катарына чыгарат”, - дейт. Өкмөт башчынын көзүнөн да, сөзүнөн да айрымдарга утопия сезилип жаткан бул долбоордун ишке ашарына ишеним көрүнүп турат...

Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудиновду сөгүп, өмүрүнө коркунуч келтирем деп коркутканы үчүн күнөөлүү деп табылды. Балыкчы шаардык соту Административдик кодекстин 66-беренесине ылайык, мэрге 2 миӊ сом айып салып, чечимди облсот күчүндө калтырды.

Эске салсак, 2017-жылдын август айында Мамбетов менен Шамшудиновдун телефондук сүйлөшүүсү интернетке тараган. Анда Мамбетов мурдагы шаар башчысын оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, өлтүрөм деп коркутканын угууга болот. Ал сүйлөшүүнү адатка айлангандай “монтаждалган” деп, Балыкчынын шаар башчысын актоого аракет кылгандар да болгон. 4 айдан кийин мэр бул иш боюнча айыптуу деп табылды. Бирок иш Кылмыш жана жаза кодексине жетпей, шаар башчы административдик айып менен кутулду.

Бул окуя КСДПнын өкүлү аралашкан дагы бир окуяны эске салды. Быйыл Жогорку Кеӊештин депутаты Жылдыз Мусабекова менен журналист Үпөл Анаркулованын телефондук сүйлөшүүсү интернетке тараган. Анда депутат журналистти "10 эркекке салып берем, бетиӊди тегиздеп коём" деген өӊдүү сөздөр менен опузалап, коркуткан. Коомчулукта Мусабекованын жоругу Жогорку Кеӊештин депутаттык этика комитетинде, КСДП фракциясында каралсын деп талап кылгандар болгон. Журналист ушундай эл өтүнүч менен спикерге, өлкө башчысына кайрылганын да жарыялаган. SUPER.KG порталында түз эфирде баарлашып жатып КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов аталган депутаттын окуясына сөзсүз баа берилерин айткан. Эл өкүлү аудиожазууну монтажталган деп аны сотто далилдей турганын айтып күнөөсүн моюнга алган эмес. Маселе жайында КСДПнын саясий кеӊешинде талкууланып, партия Мусабекованын жоопкерчилигин кароону соттук териштирүүлөрдөн кийинкиге калтырган эле. Жергиликтүү чиновник расмий түрдө айыптуу деп табылып, ошондой эле иш-аракети үчүн Жогорку Кеӊештин депутаты жазасыз калууда...

Владимир Путин Орусияда 2018-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Талапкер болорун Орусия лидери шайлоого 3 ай калганда ачыктады. Ошентип Путин 4-жолу президенттик жарышка чыгат. Биринчи жолу Орусия президенти болуп 2000-жылы шайланган. 2004-жылы экинчи мөөнөткө шайланып, 2008-жылы ордун Дмитрий Медведевге тапшырып, өзү 4 жыл - 2012-жылга чейин премьер-министр болуп иштеди. Орусия Конституциясына ылайык, бир адам удаасынан 2 мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт эле. Бул аралыкта Конституция өзгөртүлүп, азыркы президент 4 эмес 6 жылга шайланат.

Эксперттер көп жылдар бою калыптанган Кыргыз-Орус кызматташтыгын улантуу, биргелешкен долбоорлорду аягына чыгаруу үчүн Орусиянын башына Путиндин келиши Кыргыз тарапка пайдалуу болорун белгилешет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан