"Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга 2 компания кызыкдар" дейт Сапар Исаков

"Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга 2 компания кызыкдар", - деп бүгүн, 7-декабрда ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушууда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

"Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Компаниялар активдүү кызыкдарлыгын көрсөтүшүүдө. Сүйлөшүүлөр аягына чыкканда сөзсүз түрдө билдирүү жасайбыз. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бул долбоор анын аткара албаган убадасы болгонун айткан. Биз бул ишти аягына чейин чыгарабыз", - деди Исаков.

Мындан тышкары Кыргыз тарап Камбара-Ата 1 ГЭСиндеги Орусиянын үлүшүн сатып алганы жатканын айтты. "Буга 5 миллион доллар керек. Жакын арада бул ишти жөнгө салабыз. Жергиликтүү ишкерлер чоң зыян тарткан жок", - деп билдирди өкмөт башчы.

Айта кетсек, 20-ноябрда Алмазбек Атамбаев президент катары акыркы маалымат жыйынында Кыргыз мамлекети Камбар-Ата 1 ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте кура турганын айткан. "Менин эӊ башкы милдетим Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу. Ага инвесторду өзүм издешим мүмкүн. "Русгидро" компаниясы менен келишимдин бузулушу туура болду, орусиялык компания баары бир келишимди аткара алмак эмес", - деген Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан