Өкмөт электр энергияны элге 700 киловатт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашырып колдонгондорго 2 сом 16 тыйындан сатууда. Ал эми Өзбекстанга салыкты кошпогондо (ар бир киловатт саатын) 1 сом 85 тыйындан сатууда. Өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Миргүл Айдарованын SUPER.KG'ге билдиргенине таянсак, азырынча электр энергияга болгон тариф ушул эле бойдон сакталат.
"Тоолуу райондордогу калк үчүн болгон тариф да мурдагы бойдон калат. Мисалы, бийик тоолуу райондордо жашагандар 1000 киловаттка чейин 77 тыйындан, андан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөөсү белгиленген. Ал эми өндүрүш ишканалары үчүн 2 сом 24 тыйындан, троллейбустар үчүн 1 сом 58 тыйын деп бекитилген", - деди Айдарова.
Айдарова 2017-жылы өкмөт Өзбекстанга 1 миллиард 289 миллион киловатт электр энергиясын экспорттоосу керек болсо, 9 айдын ичинде 1 миллиард 38 миллионун экспорттоого жетишкенин кошумчалады. "Калган үч айда 251 миллионун экспорттойбуз. Анын ар бир киловатт-сааты салыкты кошпогондо 1 сом 85 тыйындан, салыкты кошкондо 2 сом 27 тыйындан сатылууда", - деди ал.
Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы буга чейин Кыргыз Республикасы 2017-жылдын декабрь айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин Өзбекстанга келишимдин негизинде 550 миллион киловатт электр энергиясын экспорттой турганын кабарлашкан.
"Келишим түзүлгөн. Анын негизинде 4 ай аралыгында 550 миллион киловатт электр энергияны экспорттойбуз. 1 киловатт 2,4 центке бааланып, экспорттун жалпы баасы 13 миллион долларды түзөт. Бул кошумча киреше", - деп билдиришкен мекемеден.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 1-октябрына карата "Токтогул" суу сактагычында суунун көлөмү 19,6 миллиард куб метрди түзгөн болсо, учурда 18,8 миллиард куб метрди түзүүдө.