Тышкы иштер министрлиги Иерусалим шаарынын айланасында болуп жаткан абал боюнча тынчсызданып жатканын билдирди

Бүгүн, 8-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иерусалим шаарынын укуктук жана тарыхый статусунун айланасында болуп жаткан абал боюнча билдирүү таратты. Министрликтин билдирүүсүндө, аталган шаардагы абал палестин-израиль жаңжалын бир калыпка келтирүүгө терс таасирин тийгизери, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы чыңалып турган абалды курчутары айтылган.

"Кыргыз өлкөсү дүйнө коомчулугунун биргелешкен аракети, палестин-израиль жаңжалын эл аралык укуктун нормалары жана принциптеринин негизинде жөнгө салынарына үмүт артат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, ушул жылдын 6-декабрь күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин борбору Иерусалим экенин расмий жар салган. Ошондой эле ал Тель-Авив шаарындагы АКШнын элчилиги Иерусалимге көчүрүлөрүн билдирген. Трамптын билдирүүсү бир катар мусулман өлкөлөрүндө нааразычылыктарды пайда кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Khabib
2017-12-09 01:34:54
Еврейда бул трампта Аллах жазаны беретко буюруса
+1
Badr.Hari.
2017-12-09 01:42:31
Ошончо араб олколорунун анын ичинде азия материгин ортосундагы тырмактай болгон еврей олкосу бут мусулмандарды бармак башында айлантып жататко. Туркия Иран Саудиялар не карап турат Палестинага армияларын алып барып тыгып салбайбы жайгаштырып.
+1
vavilon.
2017-12-09 07:46:06
Badr.Hari., Саудия-Иран экоо бир бирине атаандаш, аймакта лидерликти талашкан кас душман болуп жатса кайдан биргелешип аскер тыксын. Кала берсе Саудия АКШнын оноктошу, союздашы кызматташы. Бир да араб олкосу Батышка каршылык кыла албайт. Бир гана ТУРЦИЯ ИРАН Батышка тен келе алат.
+1
vavilon.
2017-12-09 07:40:39
Иерусалим Израилдин аймагындагы шаар. Израил озу билет эмне кылса да.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан