Жалал-Абадда "Хизбут-Тахрир" уюмуна мүчө жарандар кармалды

Жалал-Абад ОИИБинин жана УКМКнын кызматкерлери "Хизбут-Тахрир" тыюу салынган уюмга тиешеси бар жарандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Жалал-Абад облусунда үйлөрдүн бирин ыкчам текшерүү учурунда жардыргыч заттар жана ар кандай экстремисттик китепчелер табылган. 1974-жылы туулган Х.А. аттуу жаранга тиешелүү Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаадан экстремисттик китептер табылып тинтүүнүн жүрүшүндө үйдүн ичинен беш жаранга тиешелүү көп сандагы китеп, аудио-видео маалыматтар табылган. 1985-жылкы шектүү делген А.А. аттуу жаранды текшерүү учурунда үйүнөн кол жазма калтырылган блокноттор, кагаздар, эс-тутум картасынан аудио-видео маалыматтарды табышкан.

Буга кошумча мыйзамсыз сакталган жардыргыч заттар РГД-5 гранатасы, бет кап, кол кап жана Жалал-Абад облусунун картасы, атайын даярдалган жардыруучу заттар табылды. Катталган факты боюнча 299-2 (Экстремисттик жана террористтик уюмдардын белгилерин билип туруп колдонуу, экстремисттик материалдарды даярдоо, алуу, сактоо, жайылтуу, ташуу) жана 241-беренелери (Ок атуучу куралдарга мыйзамсыз ээлик кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдары "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү катары жети жаранды кылмышка шектүү деп кармашкан. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайда камакта. Бул кылмыш иши боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
azimova90
2017-12-12 13:45:42
Ушундайында элэ жок кылгыла буларды
0
Bek_abad
2017-12-12 18:23:35
Бул жалган эле нерселер...
Баарын уюштурушат подсава точно..

Менин таанышымда ушинтип камалып кеткен озундо жок эле нерселерди уйунон таптык деп суротторго тартып камап салышкан. Баарына Кудай бар!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан