Бишкекте 5-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Жолдошбек уулу Жаркынбек изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын туугандары билдирди.
"Милиция да издеп, жыйынтыгы жок болууда. Жаркынбек 1998-жылы Нарын районунда туулган. Ал борбордо "Аламүдүн" базары тараптагы тигүү цехтеринин биринде иштечү. 4-декабрдан 5-декабрга караган түнү Курманжан датка 115-дарегинде жайгашкан "Голден сезон" кафесинен чыгып үйүнө кеткен боюнча дайынсыз. Ошол күнү кафеде чогуу болгон досторунан сурасак, үйүнө жалгыз эле кеткенин айтышты", - деп билдиришти жакындары.
Жолдошбек уулу Жаркынбекти көргөн-билгендер болсо, 102 нөөмөт бөлүмүнө же 0701 66 17 91; 0772 15 89 36 телефон номерлерине кабарлап коюуну өтүнүшөт.