Бүгүн, 13-декабрда Нарын шаарынын борбордук аянтына бир катар жергиликтүү тургундар чогулушуп, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга нааразычылыгын билдиришти. Алар колдоруна "Балдардын пособиесин кыскарткандар жооп беришсин", "Пособиени кыскарткан депутаттар элге келип жооп беришсин" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы тынчтык митингине 25ке жакын адам катышканын билдиришти.
"13-декабрда Нарын шаарында тынчтык митинги өттү. Анда 20-25 адамдан турган шаар тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирчү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамынын айрым пункттары боюнча, тактап айтканда, 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришти.
Тынчтык чогулушка чыккан шаар тургундары менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугуп талаптарын укту жана мыйзам боюнча түшүндүрмө берди. Бирок чогулгандар тез арада мыйзамды иштеп чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарын Нарынга келип эл менен жолугуусун жана мыйзамды кайра карап чыгуу боюнча Жогорку бийлик бутактарына кайрылуу жолдоп, талаптарын жеткирүүнү айтып тарашты", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, өзгөртүлүп жаткан мыйзамга ылайык жарык дүйнөгө келген ар бир ымыркайга бир жолу сүйүнчү акча, андан тышкары 3 жашка чейинки балдарга ай сайын жөлөк пул берилет. Эгер 3 жаштан 16 жашка чейинки 3төн ашык балдары бар үй-бүлөлөр болсо алардын балдарынын бардыгына эмес 3-баласынан баштап ай сайын акча төлөнөт.