Талас облусунун Кара-Буура районунда 9-класста окуган кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү саат 16:30 чамасында каза болгон кыздын сөөгү табылганын укук коргоо органдарына Ж.Субанбеков атындагы орто мектептин директору маалымдаган. "Окуучу кыз ал күнү мектепке келген эмес. Ата-энеси Казакстанда турушат, ал таенеси менен жашачу. Кыздын денесин текшерүүгө алганда, ага карата күч колдонулганы аныкталган жок. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - дешти милициядан.
Айта кетсек, буга чейин 11-декабрь күнү Талас районунда 16 жаштагы окуучу кыз асынып каза болгон.