Премьер-министр Транспорт жана жолдор министрлигине кылмыш ишин козгоо боюнча тапшырма бергенин айтты

Бүгүн, 14-декабрда жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында премьер-министр Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине кылмыш ишин козгоо боюнча тапшырма бергенин айтты.

"Жакында эле Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилиги жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерген электрондук тараза орнотушканын, көзөмөлсүз эч нерсе өтпөй турганын айткан. Бирок бул андай болгон жок. Аларга кылмыш иши козголот. Мен кылмыш ишин козгоо боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тапшырма бердим. Бул нерсенин аягына чейин чыгам. Ал эми унаалардын салмагын көзөмөлдөөнү министрликтен алып, компанияларга берүү керек. Биз алардын көрсөткөн кызматы үчүн төлөп беребиз, калган акча бюджетке түшөт", - деди Сапар Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
novayariga
2017-12-14 14:06:53
Мына ушул маселе боюнча Супер Инфого кайрылайын деп жургом, журналистикалык иликтоо жургузуп коргулочу деп. Корупциянын баары ошол жакта, а дегенде эле 2000 сомдон баштап сурашат. Алар жолго куйбойт, ашыкча жук болсо экен деп турушат.
+7
SweetLady
2017-12-14 16:06:51
Андан да жук ташуучу машиналар Бишкектин чон жолдоруна тушуп алып ортодо занылдатып айдаганда не дееринди да билбей каласын. Жолдогу знактар алар учун иштебей тургандай тообо
+1
amirrus
2017-12-14 17:06:03
туура эмес аз болсо да жолду сактап жатышат жеке менчик компаниялар корсотот ошондо коррупцияны
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан