"Тепкиленген наристенин апасы күйөөсүн ата-энелик укуктардан ажыратуу боюнча бардык доо арыздарды артка кайтарып жатат", - деп бүгүн, 14-декабрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, ИИМ бул маселени көз жаздымда калтырбаш керек. "Атасы 2 жашар баласын тепкен окуя коомчулукта чоң чуу жараткан. Наристенин апасы азыр бардык доо арыздарды артка кайтарып жатканын билем", - деди депутат.
Мындан тышкары ал өлкөдө өз жанын кыйган өспүрүмдөр көп болуп жатканына тынчсызданды. Никитенко акыркы убакта мындай учурлар көп катталып жатканын айтып, бул багытта жумуштарды күчтөндүрүү, алдын алуу иштерин киргизүүнү сунуш кылды. Депутат балдардын маселелерин байкоого алуу үчүн ар бир мектепке психолог штатын ачууну демилгеледи.
"Ошто 12 жаштагы кыз ууланды, Майлуу-Сууда 8-класстагы мектеп окуучусу асынып алды, Таласта онунчу класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салды. Бул коркунучтуу статистика", - деди Никитенко.
Айта кетсек, ушул жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алган.
Кийин анын Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келгени белгилүү болуп, коомчулукка тараган видеодон соң Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев аны жумушунан бошотуу боюнча буйрук чыгарган.