Бишкекте атасы белге тепкен баланын апасы "уулум куса болуп жатат" деп арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова SUPER.KG порталына билдирди.
"13-декабрь күнү эне-бала бизге келип, психологдун текшерүүсүнөн өтүштү. Ден соолуктары жакшы. Апасы уулу атасын сагынып, куса болуп жатканын айтып, мурда ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча жазган арызын кайтарып алды", - деди Султанмуратова.
Айта кетсек, ушул жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алган.
Кийин анын Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келгени белгилүү болуп, коомчулукка тараган видеодон соң Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев аны жумушунан бошотуу боюнча буйрук чыгарган.