Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун көркөм жетекчиси, белгилүү ырчы Мурадил Сагыналиев каза болду. Бул туурасындагы маалыматты SUPER.KG порталына ырчынын кесиптеши билдирди.
"Мурадил Сагыналиев акыркы учурда ооруп жаткан, бүгүн Бишкек шаардык №2-ооруканада каза болду", - деди кесиптеши.
45 жаштагы ырчынын артында бир уул, бир кызы калды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Мурадил Сагыналиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.