WhatsApp тиркемесинде бизнес үчүн ыңгайлуу функция пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эми колдонуучуну кызыктырган кайсы бир компаниянын интернет баракчасы менен байланыш керек болсо WhatsApp аркылуу билдирүү жазып же болбосо чалганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жаңы функцияны тиркеменин айрым колдонуучулары колдоно башташты.
Азыркы тапта бул функция Түштүк жана Түндүк Америкада, Азиянын көп аймактарында ишке кирген.