Ноокенде "өспүрүм баланы кыйноого алган" деп шектелген милициянын иши сотко өттү

Ноокенде "өспүрүм баланы кыйноого алган" деп шектелген милициянын иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2017-жылдын июль айында Ноокен районунун Ормон-Сай айылында болгон. Анда өзү менен тең чамалаш балага бычак сайган деген шек менен 17 жаштагы А. уулу Д. кармалган. Кийин баланын апасы Бүргөндү айылындагы милиция бөлүмүнүн жетекчиси И.Т. уулун сабап, кыйноого алганын айтып прокуратурага арыз жазган. Натыйжада өспүрүмдүн кулагы жакшы укпай калган.

Ал арыздын негизинде Ноокен райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "өспүрүмдү кыйноо" жана "саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти Ноокен райондук сотуна өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан