Орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө шектелген дагы бир адам кармалды

Орус элчиси Андрей Карлов.Орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө шектелген дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, мурдагы полиция кызматкери Рамазан Южел элчинин өлүмүнө шектүү катары суралган. Сурактан соң прокуратура ага айып тагып, ал дароо соттун чечими менен камакка алынган. Айрым басылмалар шектүүнүн буга чейин Фетхулла Гүлен менен байланышы бар деген жүйөнүн негизинде жумуштан айдалганын жазып чыгышты.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 19-декабрында Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго куралчан адам ок атып, дипломат окуя болгон жерден каза тапкан. Элчиге ок чыгарган Мевлют Мерт Алтынташ ошол жерде полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Бул кылмышка катыштыгы бар делип, бир канча адам кармалган. Алардын арасында ТРТ мамлекеттик каналынын мурдагы кызматкери, "Gündem Avrasya" жана "Gündem Rusya" журналдарын чыгарган "Guru Medya" ишканасынын ээси да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан