Канадалык миллиардердин жана жубайынын жансыз денеси өз үйүнүн жер төлөсүнөн табылды

Канадалык миллиардердин жана жубайынын жансыз денеси Торонтодогу өз үйүнүн жер төлөсүнөн табылды. Каза болгон миллиардер Барри Шерман "Apotex" дары-дармектерди өндүрүүчү компаниянын негиздөөчүсү болгон. Бул тууралуу 15-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Полиция жубайлардын өлүмүнүн себептери боюнча расмий маалымат бере элек. Бирок бир үй-бүлөдөгү эки адамдын бир күндө каза болушу түрдүү шектенүүлөрдү жараткан. Ал эми каза болгондордун денесиндеги белгилер, окуя болгон жерден бармак издер табылганы боюнча да маалыматтар бериле элек.

Белгилүү болгондой, Шермандын үйү Торонтодогу өнүккөн баалуу райондун аймагында жайгашкан. Мурдараак анын үйү 7 миллион АКШ долларына сатууга коюлган. Бирок жубайлардын өлүмү боюнча маалыматтар чыгар замат үйдүн сатылышы боюнча жарнама кайра алынган.

Миллиардер Барри Шерман 75 жашта, анын жубайы 70 жаш куракта болгон. Ал 1974-жылы Канададагы дары-дармек өндүрүүчү "Apotex" компаниясын негиздеген. Шерман Канададагы байлар арасында 15-орунда туруп, анын байлыгы 3,65 миллиард доллар экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2017-12-16 12:54:33
Бай болуп коркуп качан олтуруп кетет деп жашагандан коро Орто жашап озунду, уй-болунду камсыз кыла тургудай эле жашаш керек.
+34
Talgat89
2017-12-16 17:14:58
Ото бай болсон дагы жаман,кембагал болсон дагы жаман.Кандай жашаш керек билбейсин, жашоонун, бакыттын озу табышмак.
+2
Ayida
2017-12-16 19:29:33
Talgat89,Аллах берген ырыскыга шугур деп жашаш керек!Адам ырыскысы тугонду олду дегенди билдирет! Бул жашоо сыноо убактынча! Ибаадат Аллахга кулчулук кылуу учун жаралганбыз!Андан жакшысы намаз окуп сооп иш кылып кал. Бул дуйнодода кыйналып анан акыреттеда Бейиштен кур калып журбо!Жок дегенде Бейиш учун жакшы амал кыл.Бейиш туболук жыргайсын!Олум деген болбойт. Бирок Тозокда туболук!азыр намаз оку
+1
Ayida
2017-12-16 19:33:52
Бул адамдардын олуму да башкалар учун сабак!Себеби дунуйо акча деп жанталашып намаз учун жанталашпайт адамдар!Мына олду калды байлыгы же кошо алып кетишти дедеби?Жок мейли 100 жыл жаша адам баары бир олобузго?Олбоочудой журобуз.Мен башыма кыйынчылык келсе дайыма олумду эстеп азыр мага ажал келди дейин,балдарым башка нерселерим калды кабырда кантип жооп берем жылаан чыгабы жокбу деп ойлогондо журок ток болуп калат.2 рекет намаз окуп дуа кылам анан эле чечилип калат менин пайдама.
+1
Ayida
2017-12-16 19:36:51
Эгер намаз окубасан проблема болуп калса Шайтан шаштыны алат бар андан коро олуп алсан кутуласын олтуруп кой уурда ур деп эми кантесин деген ойлорду салып жаман жака жетелеп андан бетер проблеман кобойуп кетет. Карыз болсонда кудулап артынан келип турсада сабыр кылып Аллахтан жардам сурагын жардын четине такалып ары жылсан кулачуудай болгондой чекке жеткирип туруп чечип койот Аллах
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан