Бишкекте 48 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип, эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-октябрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Жаш Гвардия жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнү такталып, 48 жаштагы Нарын облусунун тургуну Ж.Н. экени белгилүү болгон. Кийин иликтөө иштеринин натыйжасында маркумдун өлүмүнө шектелип, 32 жаштагы О.У. жана 25 жаштагы К.у.Б. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр маркум менен чогуу спирт ичимдиктерин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам аны сабап өлтүрүп алышканы аныкталган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, аларга карата 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.