Тургундар унаа жолду чак түштөн тарта, түнгө чейин тосуп турушкан. Ошондой эле эгер талаптары аткарылбаса облустун, райондун борборлорунда митинг өткөрүшөрүн айтышкан.
Айта кетсек, өзгөртүлүп жаткан мыйзамга ылайык жарык дүйнөгө келген ар бир ымыркайга бир жолу сүйүнчү акча, андан тышкары 3 жашка чейинки балдарга ай сайын жөлөк пул берилет. Эгер 3 жаштан 16 жашка чейинки 3төн ашык балдары бар үй-бүлөлөр болсо алардын балдарынын бардыгына эмес 3-баласынан баштап ай сайын акча төлөнөт.
Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургундары кечээ, 15-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун тосушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 16-декабрда жергиликтүү тургундар билдиришти.