Пикир келишпестиктен чыккан жаңжал өлүм менен аяктаган. Күйөөсүнүн өлүмүнө аялы шектелүүдө

Бишкекте 29 жаштагы аял жарандык никедеги күйөөсүн пикир келишпестиктен улам бычак менен сайып өлтүргөн деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-декабрда болжол менен саат 17:30 чамасында милиция кызматкерлерине борбордо жайгашкан үйлөрдүн биринде күйөөсү менен аялы өз ара жаңжалдашып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган дарек боюнча барган милиция кызматкерлери ал жерден киши колдуу болуп каза болгон эркек адамдын жансыз денесин табышкан. Иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары аны менен жарандык никеде турган 29 жаштагы Р.З аттуу аял кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Р.З маркум менен жаңжалдаша кетип, жыйынтыгында бычак менен сайып өлтүрүп алганы белгилүү болгон.

Ага 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eli.91
2017-12-16 20:00:23
Кудай эле сактасынчы шайтандын жолунан,бул нерселердин баары акыр замандын белгилери,куйосунун жаткан жери жайлуу болсун,мусулман болсо эгер,кимде куноо бир гана Аллах билет.
+3
azimova90
2017-12-16 20:11:23
Ар бир инсанга ыйман берсин кудйым
+8
Too-tash
2017-12-16 21:41:10
Ошол учун жарандык нике деген тушунукту жою керек... Чубак ажыны туурап жарандык никеде журсонор ошол......
+4
rafo80
2017-12-16 22:55:40
Too-tash,Причем тут Чубак ажы
-4
Too-tash
2017-12-16 22:59:24
rafo80, Чубак ажынын токолго уйлонгону жарандык нике болбой анан эмне, ЗАГСтан отпогон сон?!!

Ал эми акыркы кабарларда жарандык никедеги жубайлар ортосундагы чыр-чатак, адам олтуруулор боюнча жанылыктар автокырсыктардан кийинки эле орунга чыкты, коптугу боюнча.....
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан