Бишкекте эки машина сүзүшүп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 16-декабрь күнү 19:00 чамасында болгон. Анда Курманжан датка көчөсү менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес үлгүсүндөгү эки жеңил машина сүзүшкөн. Анын кесепетинен үч адам "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.
Учурда жабыркаган адамдардын экөөсүнүн абалы оор, ал эми үчүнчүсүнүн абалы орто.