Дүйнөдө биринчи жолу Дубайда төөлөр үчүн оорукана ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, оорукана бир убакта 20 жаныбарды кабыл ала алат. Операция баалары 845 евродон башталса, рентген, УЗИлери 92 евродон өйдө турат.
Бириккен Араб Эмиратынын тургундары көбүнчө төөлөрдүн жарышын өткөрүп көңүл ачышат. Асыл тукумдуу төөлөр миллион долларга чейин турат. Оорукана кымбат төөлөрдү медициналык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн ачылган.
"Dubai Camel Hospital" бейтапканасынын курулушуна 40 миллион дирхам (756 миллион сом) сарпталган. Ал жакта өз ишин мыкты билген мал доктурлар иштеп, заманбап медициналык жабдыктар коюлган.