СССРдин Эл артисти, Москвадагы Түстүү сейил багындагы цирктин жетекчиси, актёр жана маскарапоз Юрий Никулин 1921-жылы 18-декабрда Смоленск губерниясындагы Демидово шаарчасында төрөлгөн. Атасы цирк үчүн эстрада скетчтерин, клоунада, реприздерди жазган. Белгилүү актёрдун үй-бүлөсү театр менен тыгыз байланышта болгон. Атасы Владимир Никулин юрист болгонуна карабастан аскерден келген соң театрга актёр болуп ишке кирген. Апасы Лидия Иванова шаардын белгилүү актрисаларынын бири болгон. Дал ушул ата-энесинин чыгармачылыгы Юрий Никулиндин келечегине өзүнүн чоң таасирин тийгизген.
Никулиндердин үй-бүлөсү 1925-жылы Москвага көчүп келишкен. Юра 5ке толгондо атасы аны циркке алып барып, ал циркти бир көргөндө эле жактырып калат. Белгилүү цирк артисти 1929-жылы 1-класска кирет. Өмүрүндөгү эң биринчи ролду "Огород" деген оюндагы Горошканын кейипкери болуп аткарат. Ошондо айта турган 3 сап ырды унутуп калып, амал менен кутулуп кетет. 15 жашынан баштап жалаң анекдотторду чогултуп, калың дептерине жаза берет. Юрий Никулин 1939-жылдан 1946-жылга чейин аскерде, согушта болгон. Ал жактан да анекдот айтуу боюнча алдына киши салган эмес. Аскерден келип ВГИКке тапшырса, ал жердегилер "сенде анча-мынча чымын бар экен, бирок киного жарабайсың" деп коюшат. Анан ГИТИС менен Щепкин атындагы Театралдык окуу жайга кирет, бирок ал жакты да аяктабай туруп, Москва циркинин клоунада студиясына тапшырат.
Кезинде Сталин циркти сүйгөн эмес экен, бирок согуш мезгилине карабастан цирктин эмеректери менен жаныбарларын сактоого катуу көңүл бурган. Хрущёв циркти жанындай көрчү дешет. Никулин менен Шуйдиндин дуэттерине боору эзилип күлчү экен. Брежнев болсо кызы цирк артисти Евгений Милаевге турмушка чыккандан кийин циркке өзгөчө көңүл бөлүп калганы маалым. Ал эми кайра куруу кезинде Михаил Горбачёв менен болгон жолугушууда Юрий Никулин "Цирктеги айбанаттардын 5 күндүк эле тамагы калды, көңүл бөлбөчү болсоңор Өкмөт үйүнүн жанына көчүп барабыз дагы арстандарды клеткалардан коё беребиз, ошондо милицияларды эт кылып жешет" деген экен тайманбай. Анда Горбачёв бир канча мүнөт Никулинди аңырайып тиктейт да, анан каткырып күлгөн экен. Артисттер жолугушуудан кийин циркке барышса цирктин кампасы этке толуп калган.
Киноактёрлук карьерасын 36 жашында баштаганына карабастан Юрий Никулин көптөгөн мыкты образдарды жараткан. Башында Леонид Гайдайдын тасмаларында өзүнүн куудулдук өнөрүн тартууласа, кийинчерээк режиссёрлор актёрдун драмалык талантын байкашкан. Анын драмалык образ жараткан кинолорунун эң биринчиси “Бактар чоң болгон маалда” аттуу кино тасмасы болгон. Актёр көрүүчүлөрдүн эсинде Леонид Гайдайдын “Шуриктин окуялары”, “Кавказ туткуну” тасмаларындагы образдары менен калган. Бирок актёрду өз учурунда тирүү уламышка айланткан кино тасма болуп “Бриллиант кол” эсептелет. Режиссёр белгилүү үчилтиктен Юрий Никулинди гана бул тасмага чакыргандыктан актёрдун Евгений Моргунов жана Георгий Вицин менен болгон мамилеси салкындай түшкөн. Актёр буга байланыштуу “эч качан адамдардан өч албагыла, жакшысы бактылуу болгула, алар бул нерсени көтөрө алышпайт” деп айткан сөзү белгилүү цитатага айланган. Режиссёрлор актёрду съёмка учурунда керемет тамашаларды жарата алгандыгын жана кайсы убакта болбосун импровизация кылып кете алгандыгын өтө жогору баалашкан.
Никулин өзүн мактагандарга "цирк үчүн мен эч кандай "улуу" эмесмин, мени кино популярдуу кылды" деп айткан.Орустун бул улуу артисти 1997-жылы 76 жаш курагында дүйнө салган. Доктурлар Никулиндин өмүрү үчүн 16 күн тынбай күрөшүп, 16 күн бою Орусия басылмалары анын ар бир күнүн жазып турушкан. Тилекке каршы, доктурлар айла таба алышкан эмес. Цирктин имаратындагы Никулин менен коштошууга Борис Ельцин да катышкан. Ю.В.Никулиндин сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.
18-декабрдын жылнаамасы.